super.kg logo

Бишкек-"Манас" жолунун курулушу аяктады

 

Эки тараптуу Бишкек-"Манас" Эл аралык аэропортунун 23,7 чакырым жолунун курулушу көрсөтүлгөн мөөнөттө аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдун курулушу менен таанышкан учурда белгилүү болгонун билдирди. Маалыматта айтылгандай, жол убагында ишке киргени турат.

Жол курган компания 3 күн ичинде жол белгилерин коюп, аймакты таштандылардан тазалоо иштерин жүргүзөт. Абылгазиев өкмөт жолдун сапатын толук көзөмөлгө аларын айтып, андагы айрым кемчиликтер кеткен жерлерин долбоорду ишке ашырган компаниянын жоопкерчилигине тапшырды.

Абылгазиев белгилегендей, жолдун курулушунда жол жээгиндеги айыл тургундарынын коопсуздугу толук эске алынуусу шарт. Жол боюндагы айыл тургундарын ашыкча тоскоолдуктардан коргоо үчүн унаа жолунун 25-27-чакырымына чейинки аралыкта декоративдик темирден жана атайын плиталардан жасалган коргоочу тосмолор орнотулган. Коргоочу тосмолор элдин коопсуздугунан сырткары жолго эстетикалык көрк да берип турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалал-Абад обл. Кочкор-Ата шаарынын базарынын жанынан откон (Ош Бишкек) трассаны качан ондойт элдер? суппер инфо сураныч ушундай маселелерди да сурап суруштуруп тактап ондотуп бергилечи, журналисттерден уялганынан жолго бирдеме кылаар деген умутда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: