super.kg logo
  Спорт  

Канат Аманкулов: "Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча айрым машыктыруучулар кызматтан алынышат"

 

Бүгүн, 26-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынына катышууда. Ал айрым спортчуларыбыздын ийгилик жаратканын, айрымдары күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтө албаганын айтып берди.

"Олимпиада оюндарында биздин агенттик спортчулар үчүн, машыктыруучулар үчүн болгон шарттарды түзүп берди. Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Магомед Мусаев, дзюдочу Отар Бестаев медаль алат деген үмүттө болчубуз. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктаган соң жыйын уюштуруп, айрым чечимдерди кабыл алабыз. Анда айрым спорт түрлөрү боюнча башкы машыктыруучуларды кызматтан алабыз. Бүгүнкү күндөн тарта биз кийинки Олимпиада боюнча план түзүп баштайбыз", - деди ал.

Кошумчалай кетсек, "Рио-2016" Олимпиадасына 6 спорт түрүнөн 19 спортчубуз катышкан. Анда Иззат Артыковдон башка спортчуларыбыз байгеге илинбей калышкан. Коло тагынган Иззаттын медалы 18-августта Спорттук арбитраждык сот тарабынан тартылып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.08.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап болуптурго биягы
26.08.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балык башынан сасыйт бунун озун айдаш керек
26.08.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
шарттарды тузуп бердик миш....кайсы шарт? Крда жакшы шарт болсо кандай эр азаматтар чыкмак, баары кор тирилик деп спортту таштап семьясын багам деп тентип журушот.
26.08.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иий койчу ай оозунар эле бар.Семясына жетээрлик стипендия болуп берип,баардык жактан камсыз кылып шартын тузуп берсенер анан чон суйлосонор болот.
26.08.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Спорт комитетине реформа керек . иш тренерлердеби же башка жактабы. Мисалы риого тааныш билиш менен барып калган эмеспи спортсмендер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: