Өкмөт башчы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында бир күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапар алкагында Тамчы айылындагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жол тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле Кырчын жайлоосуна барып, Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларга даярдыктын жүрүшү менен таанышат. Андан соң Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго жана дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексине барат.
Белгилей кетсек, ипподромдун жалпы курулуш иштери аяктап, учурда анын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

