super.kg logo

Нарында 209 өспүрүм ички иштер органдарындагы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турат

 

Нарын облусу боюнча 209 өспүрүм ички иштер органдарындагы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турат. Бул тууралуу Нарын облусундагы билим берүү мекемелеринин облустук коллегиялык отурумунда айтылганын өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Эң өкүнүчтүү нерсе - өздөрүнүн жүрүш-турушу менен балдарына терс таасирин тийгизген 28 ата-эненин каттоодо тургандыгы. Райондук мамлекеттик администрациялардын алдындагы Балдар менен иштөө комиссияларына быйылкы 7 айда 233 материал жиберилсе, анын баары каралып, жыйынтыгында 103 адамга айып салынып, 130 материал боюнча эскертүү чаралары колдонулган. 1 материал соттун кароосуна жиберилип, ата-энелик укугунан ажыратылган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: