Баткен. Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди
Иш-чаранын катышуучулары жөө жүрүш жасашты
Иш-чаранын катышуучулары жөө жүрүш жасашты
А.Масалиевди эскерүү иш-чарасына ондогон адамдар катышты
Баткен шаарындагы мамлекеттик ишмердин эстелигине гүл коюлду
Баткен шаарында 10-апрель күнү белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер катышып, улуу инсандын басып өткөн жолу, элге өтөгөн эмгеги тууралуу эскерүү сөздөрү айтылды. Ошондой эле иш-чарага А.Масалиевдин жакын туугандары, учурунда бирге иштеген замандаштары, студенттер жана мектеп окуучулары да катышып, чакан жөө жүрүш болду. Эскерүү кечеси мамлекеттик ишмердин туулган күнүнө карата уюштурулду. Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусундагы Кадамжай районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы 31-июлда 71 жаш курагында каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















