ЖЫЛНААМА, 26-АВГУСТ: Мындан 36 жыл мурун "Үйдө жалгыз" тасмасында Кевиндин ролу менен атактуулукка жеткен Маколей Калкин туулган
"Үйдө жалгыз" тасмасы менен атактуулукка жеткен


"Үйдө жалгыз" тасмасы менен атактуулукка жеткен

“Үйдө жалгыз 2: Нью-Йоркто жоголгон” тасмасынан үзүндү

Маколей Калкин


1998-жылы актриса Рэйчел Майнерге үйлөнгөн

Маколей Калкин 2002-2011-жылдары актриса Мила Кунис менен кыз-жигит мамилесинде болгон

Актёр бат-бат депрессияга кабылат

2013-жылы актриса Жордан Лейн Прайс менен сүйлөшө баштаган

Маколей Калкин жана Жордан Лейн Прайс

Жордан Лейн Прайс менен түзгөн мамилеси 1 жыл айланбай токтогон соң Калкинди белгисиз кыздын жанынан көрүшкөн
Мындан 36 жыл мурун, 1980-жылы 26-августта "Үйдө жалгыз” тасмасындагы ролу менен дүйнөгө популярдуу болгон америкалык актёр Маколей Карсон Калкин Нью-Йорк шаарында туулган. Ал 4 жашында эле жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. 6 жашынан баштап тасмаларга тартылууга чакыруулар түшкөн. Маколей 6 жашынан 14 жашына чейин абдан көп тасмаларга тартылып, өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө жетерлик акча топтойт да, тасмага тартылуусун токтоткон. Ал ошол мезгилде мындан ары кино дүйнөсүнө такыр кайтып келбөөнү ойлойт, бирок 2004-жылы, 10 жылдан кийин “Кеченин жырткычы” тасмасына тартылуу менен актёрдук кесибине кайрадан кайрылып келген.
Маколей Калкин тартылган белгилүү тасмалар: “Үйдө жалгыз” ("Один дома", 1990), "Менин кызым" ("Моя дочь", 1991), “Үйдө жалгыз-2: Нью-Йоркто жоголгон” ("Один дома-2: Потерянный в Нью-Йорке", 1992), "Жакшы уул" ("Хороший сын", 1993), "Бай Ричи" ("Богатенький Ричи", 1994).
Маколейдин айтымы боюнча, атасы үчүн ал акча тапчу робот болгон. Наристеге мынчалык даңк оордук кыларын убагында эч ким ойлогон эмес. Репортёрлордун, режиссёрлордун, өзүнө кызыккан элдин тыткынында калганы менен да эч кимдин иши болбогон.
"Башында киного тартылуу мага жакса, кийин кыйналып кеттим. Элдин көзүндө болуудан тажап, мектепке баргым келип, башка балдардай эркин болгум келчү, бирок аны эч ким ойлободу", - деген Маколей.
Маколей көп жылдар бою эл көзүнөн алыс болууну самап, 17 жашында өзүнүн кесиптеши, актриса Рэйчел Майнерге үйлөнүп, 2 жыл жашаган. Рэйчел "Маколей депрессияга кабыла бергенден андан кетип калган" деген сөздөр тараган.
2002-жылдан тарта актриса Мила Кунис менен мамиле куруп, экөө 2011-жылы эки жолго түшүшкөн. Ушул окуядан кийин актёр ого бетер депрессияга кабылганы байкалган. Ал 2012-жылы тынымсыз героин жана ооруну сездирбөөчү каражаттарды колдонуп, мындай жоругунан улам актёрдун чөйрөсүндө күмөн жаратчу адамдар пайда болуп, анын Манхеттендеги батири баңгилердин уясына айланган.
2013-жылы Маколей кайрадан актриса Жордан Лейн Прайс менен кыз-жигит болгон. Бирок бир жыл айланбай, Калкинди башка сары чачтуу кыз менен көрүшкөн. Учурда "The Pizza Underground" рок-тобун жетектеп келет.
Маколей Калкин тууралуу кызыктуу фактылар:
- "Үйдө жалгыз" комедиясы 1990-жылы көгүлтүр экранга чыгары менен тасма жаратуучуларга 500 миллион доллар киреше алып келсе, Маколей 100 миң доллар гана гонорар алган.
- "Үйдө жалгыз-2" тасмасы үчүн 5 миллион доллар, "Бай Риччи" тасмасы үчүн 8 миллион доллар гонорар алган Маколей "Эң көп акча тапкан жаш актёр" деп аталып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.
- АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон да өзүнүн инаугурациясында Маколейди сый коноктордун арасына кошкон.
- Маколей Калкин Майкл Жексондун 2 уулунун өкүл атасы болуп саналат.
26-августтун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(5)
Aman-moskva

26.08.2016. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кино болгон жакшы адам дын ролун аткарган коп кызды коруп койуп тур ха ха
ZANIA-92

26.08.2016. 14:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинекей кезиндеги образдары менен эле элдин эсине туболук калса болмок экен. Азыр кебетеси озгоруптур саксайып суксайып,анын устуно героин колдонуп банги болупда кетиптир... ошонусу жийиркеништуу болуп калыптыр да.
tima01

26.08.2016. 15:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кино азыркыга чейин экрандан кете элек бул кинону корбогон адам жок болсо керек зынк кино!
guljigit96

26.08.2016. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул актёр чоңойбой эле койбоптур, кичинесинде кандай сонун бала эле
Beksultan-007

26.08.2016. 15:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно озу кылыптырда
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.