super.kg logo

Акча берүүгө мажбур кылган "бекер" төрөт...

 

Төрөт азыркы учурда бекер эмес. Болгондо дагы бир топ акчаны дарыгерлерге карматууга туура келет. Эмнеге? Албетте, эне менен баланын коопсуздугу үчүн... Бул көрүнүш эки тараптын тең аң-сезимине кадимкидей сиңип калган: төрөп жаткан аялдын жакындары акчаны берчү учурду билишет, дарыгерлер алчу учурду...

БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК ТӨРӨТКАНАЛАРДА ТӨРӨТ БЕКЕР...

Өлкөнүн аймактарында ар бир төрөткананын кире беришинде "Төрөт бекер" деген жазуу илинип турат. Мамлекеттик ооруканаларда бекер болгону менен, көпчүлүк "баары бир акча сурашат, акчаң болбосо көчөдө калышың мүмкүн" деп айтып калышат.

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кабыл алуу бөлүмүнүн медайымы Лола Тойчиева бардык мамлекеттик төрөтканаларда төрөт бекер экенин айтып, буларга токтолду:

"Каттоого туруп, жашаган жери боюнча келишсе, төрөт бекер кабыл алынат. Албетте, башка жактан келгендер акы төлөшөт. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн өзүнчө баалар каралган. Канча адам болсо, ошончо кыял бар эмеспи, андыктан ар бир энеге өзүнчө мамиле кылабыз. "Дарыгерлер акча алышат" деген бекер сөз. Эми ыраазычылык билдирүү максатында төрөгөн энелер дарыгерлерге бериши мүмкүн. Бул нерсе эне менен дарыгердин ортосунда болот".

...БИРОК ЭНЕЛЕР АКЧА БЕРҮҮГӨ МАЖБУР...

"Төрөт бекер дегенге кандай карайсыз? Төрөткөн акушерлерге акча берип көрдүңүз беле?" деп бир нече шаар тургундарына кайрылдык.

Үмөтбек кызы Айдай: "Менин төрөтүмө 100 доллардай кеткен. Кесарево жолу менен төрөгөм. Бекер төрөтүшөт деп айтылганы менен, эч нерсеси жок барсаң карабай коюшат. Ошон үчүн алдын ала доктурлар менен сүйлөшүп, акча берип, келишим түзгөнгө барасың".

Айбек Парманкулов: "Менин аялымдын төрөтү бекер болгон. Бирок аны жакшы карашсын деп дарыгер менен алдын ала сүйлөшүп, колуна 3-4 миң сомдой карматкам".

Аида Алымкулова: "Экинчи кызымды төрөөрдө врачтар "кесарево жолу менен төрөсөң, 10 миң сом бересиң" деп айтышкан. Бирок табигый жол менен эле төрөп, акча берген эмесмин. Төрөтканадан чыкканча сүйүнчүгө жана башка майда-чүйдөлөргө сурап жатышып 6 миң сомдой акча кеткен".

Жибек Болотова: "Жаның кыйналып төрөгөндөн кийин канча акча сурашса да бересиң. Кээ бир врачтар бар, ачка калгандай "сүйүнчү пул" деп суранып жатып алышат. Төрөткөн доктурга берсең, санитаркасы калат, ошентип жолдошум баарына сүйүнчү берип чыккан. Мен төрөгөндө жалпы 10 миң сомдой кеткен. Анан да бөлмөлөрдө жардам фондуна деген кутучалары бар. Ачык эле айтышып, кутучаларга акча салууга мажбур кылышат".

"АКЧА СУРАГАН УЧУРДА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК"

Юрист Мээрим Кадырбаева доктурлар акча талап кылышса, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу керек экенин айтат:

"Дарыгерлерге өз ыктыяры менен акча сунуштоо, мыйзам боюнча, пара берүү болуп саналат. Эгерде доктурлар акча талап кылышса, анда тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл. Көпчүлүк учурда коррупциянын пайда болушуна жарандар өздөрү себепчи болуп калышат. Мындай нерсе "турмуштук коррупция" деп аталат. Акча берүү көнүмүш адатка айланбаш үчүн жарандар акча бербеши керек".

Белгилей кетсек, операция жолу менен төрөтүү учурунда талапка ылайык акча төлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(31)
26.08.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакында эле озум тороп кубо болдум, врачка, санитаркаларга берип кой деп оздору эле сурайт экен. Ал эми чыгышына эле 2 минден ашык кетип калат.
26.08.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Врачтар умный барсан карабайт. Айласыз акча бересин. Анан сураган жокмун озу берди дейт. Айлыгын алып жаткандан кийин жакшына кабыл алышса болмок. Мен 2 баламды государственный род.домдо тородум.карабайт условия жок суйунчуго келгенде баары даяр. Врач м.сестра санитарка. 3-му частныйда тородум .зато баары жакшы
26.08.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен торогондо кесирова кылабыз торот бекер бирок бизге 6мин бересинер биз болушуп алабыз дешкен
26.08.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
былтыр Келинчегим толготкондо,2чи төрөт үйүнө алып барсам,мени кете бер бүгүн төрөбөйт дешкенинен кетип калгам.таңга маал келинчегим чалды чыдабай атам деп.барсам алы кетип калыптыр врачтарга чуркап барсам,келе элек дешти.дежурдагысы мен кетишим керек,мөөнөтүм бүттү деп тетири басып кетти.айлам кетип врачтарды чакыргыла срочна десем,өзүң эле барып алып келбесең 9га чейин келишпейт деди.айла жок мөөнөтү бүткөн врачка жалдырашка туура келди.азыр 5миң бер көрүп чыгайын калганын анан сүйлөшөбүз деди
26.08.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай жалгады деп сүйүнүп 5 миңди бере салдым.көрүп чыгып убагы келип калыптыр төрөтүш керек,азыр родзалга алып киришет деп кайра кирип кетти.бир маалда чыгып уулду болдуң иним деди эле сүйүнгөнүмөн миң сом карматтым колуна.эртеси барсам баягы врач иним кандай дейсиң келинчегиңди кочкордой уул төрөттүм дейт,унчукпай эле туруп калсам)).иним дагы 2 миң бер медсестраларды да ыраазы кылайын деди макул деп бердим.анан чыгаарда да,бирөөсү баланы көтөрүп чыгып сүйүнчү пул деп доолашып 2 миң сом бердим.
26.08.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай ай ай нысабы жоктор анан акча бербесен же энеси же баласы каза болуп калат же майып кылат мен озум кубомун
26.08.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Балыкчынын торот болумундогулор жада калса суйунчулобой дагы койушкан. Эмне суйунчулоп койбойсунар десем, бизге болбойт деп жооп беришкен. Озум ыраазычылык кылып берсем, бизге акча алууга болбойт деп озумду уялтып салышкан. Торосонор эле Балыкчыга торогуло, шарт болсо.) Балыкчынын торот болумуно ийгилик.
26.08.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aash,ошол жакта иштебейсинби случайно?)
26.08.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Төрөгөндө көпчүлүгү алдын ала сүйлөшүшөт. Анан биринчи төрөттөгүлөрдү маскарлаганычы? Ай кыз мындай болчу ана мына деп. Мен толготуп атканда бир врач жиниме тийди эле,төрөп бүтүп кана жанагы очкарик эже эми сүйлөшөм азыр мен акама чалып койдум эми сүйлөшөбүз мен азыр көрсөтөм кыйынсыганын, мен да өз укугуму билем атын айткыла десем аябай күйпөлөктөп жүрөктөрү түшкөн кой эми сен жашсың го деп алдашып ал эже келип кечирим сурап. Туугандарым Бишкекте жолдон келатат түнү келип калат деп иттей кылдым
26.08.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошентип, киргениңде акча берип баштайсың чыгып ооо нарааак жоголуп кеткичеңди акча бересиң. Чыгаарда "Бала оромой "дегени бара ага го мейли жаны кийим аласың эми ошо бир жемпир шымды 3 сү кийгизгени күйгүзүп атпайбы. Анда жоок баланын атасына беришибиз кк деп атасынан акча алышат машинага түшүп кеткичекти
26.08.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кош бойлуу кезде учетко турганга да росс баргандарда акча көп деп адамды бир тиктеп анан мамиле кылып ставкаларын айтышат ушу гинекологдорду да көзөмөлдөп койгулачы? Админ чоңдорго жеткиргилечи? Анан мына жерим ооруду десең даары жазат да азыр мына аптекада сатат башкада жок деп туруп тууганынын кыздары даяр боло калат шарт чалышат азыр апарып берем а дешип адашып аласың алар гаңгиратип атып сөздөн да алат да. Алып алгандар кийир аптекадан издесең 500-600 болот а алар 1200 кылат же эң ками 800.
26.08.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Полис болсо Россия эле жакшы, эки кызымы тен бекер торгом жакшы карашат.баланы ороп чыкканда эле колуна каалаганыны карматып койосун башка эчнерсе кетпейт.доолашпайт дагы
26.08.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен эки балам тен Россияда торолушту эч кимге бир тыйын берген эмесмин.Анткени келинчегимин учёту бар эле.Наоборот роддомдон чыгып жатканда эки пакет толтура подарка берип чыгарышкан.
26.08.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай буйруса менин аялыма январга төрөйсүң деп айтышты.
26.08.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ туугандар ошол врачтардын баарына. Баланыз чон заара кылганда пакетке салып ороп карматып койбойсунарбы )))))) бироо ошентиптир акча сурай берген экен
26.08.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыркы врачтар врач эмес эле тилемчи болуп калышкан
26.08.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен чон баламы Кыргызстанда торогомун жаным козумо корунуп атат карап койгула десемда эч ким басып келбей койгон.Качан кайненем 5 мин сом карматып келиним кусупда атат карап койгула дегенде караган.Балам шалаакы врачтардын айынан тумчугуп суу жутуп ууланып калган экен майып болуп калды эмгиче азап тартып барбаган жерим калган жок.Озуму дагы эптеп эле карап чыгарып салган текшербей кан калып калган экен алты ай дарыланып жаткамын.

Уч баламы Россияда тородум эч кандай акча сураган
bema_bema түзөттү 2016-08-26 17:34:09
26.08.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Халатынан баштап балага плёнкадан бери берет, эшиктен эчнерсе киргизбейт экен не стирильний деп союз мезгилиндегидей жакшы карашат экен.Озуну дагы узиге тушуруп анализин жакшы болсо анан чыгарат экен.
bema_bema түзөттү 2016-08-26 17:32:56
26.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айрыкча Бишкектеги 4роддом акча бер дейт, сразу эле 10мин сом талап кылган. Балан оруп атабы, оруган жокбу.Тирубу олукбу баштарыда ооруп койбойт.
26.08.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекер торосон олосун да. Алдын ала акча карматбасан жакшы карабайт. Калп эле жогорудагылар бекер деп айта берет.
26.08.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
гиппократтын анттын торотканада иштегендер да ичкенби
26.08.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде Кыргыздарда текшеруу начар деп ойлойм главный денсоолук бул адамдын эн керектуу нерсеси 1чи очуретте медицинаны тезтез козомолдоп врачтарды текшерип сазайын берип турса ошондо тыпылдап калат беле акчага суусабай,эчким эчким мн иши жок кутуруп кетиштида!
26.08.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оозу мурду кыйшайбай торот бекер дегенин,акчан жок барсан итке мамиле жасагандай кылышат,оз жеринде туруп мындай нерсеге кабылып зээнин кейийт
26.08.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лейлектин Достук айылында тородум 2 баламды. Акушерка санитаркалары аябай жакшы карашат . Озгочо Ирсалат эже эки баламды жарыкка алып келди. Минден бир ыраазымын. Эч кандай акча сураган жок. Оз конулубуз менен суйунчу пул бердик. Баары болуп 1500 сом акча кетти.
26.08.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
shirinai,Баткендиктер деп тоготмоксон болушат, ооба чын чынына келгенде Баткендиктерде кичине болсода уят намыс ариет бар,тиги шаардыктарда эми айтпай эле койойун...!
26.08.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин эки балам чет жерде торолду бир сом сурашкан емес даже 2ай уйго через день келип текшерип турушкан,учунчу уулум кыргызстанда торолду акча сурашпады бирок чыккандан кийин бир врач уйго келип койбоду анан барып айттым бир Айдан кийин,неге еч Ким кабар албайт деп анан ертеси келип кетти))
Kara-balta түзөттү 2016-08-26 22:23:12
26.08.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала торолгондо суйунуп сураган акчасын берип озубуз жаман уйротобуз,алар торотсо айлык алып жатышат аман есен торолгонуно кудайга ыраазычылык билдиришибиз керек.
27.08.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ин ша Аллах октябрда торойм.Биринчимди кырда торогом апам аябай закончул болчу жанымда турган ошон учун акча сурай алышпаган
.
27.08.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйунчу сурабаса деле бересин да суйунуп. 350сом жаткан жерине толотушот.орогула дешет,анан пакеттеринди которуп чыгып ородук деп акча алат бизде.салфетка бумажный,влажный,самындыда апересинер дешет
27.08.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча бербесен карашпайт. Тороордо келип мен тороттум деп 5-6адам суйунчу алат.гинекологго,педиатрга, баланы кийинткендерге берип жатып жалпы 7мин кеткен.ал 7мин эки жыл мурда.азыр андан кымбаттыр. аты эле бекер,чынында акча беребиз.
28.08.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тийиштуу жерге барып арызданайын десен, алар да акча талап кылышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: