super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Нарын районунда жергиликтүү эл митингге чыгып, алтын казган компаниянын ишин кайрадан токтотту (фото)

 

Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын эли митингге чыгып, Байболот жайлоосундагы алтын казган компаниянын техникаларын айылга ташытып келип, компаниянын ишин кайрадан токтотту. Буга чейин да элдин нааразычылыгынан улам компания ишин токтотуп, бирок кайрадан түн ичинде иштеп келгенин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 26-августта билдирди.

"15 күндөн бери түн ичинде иштеп, карагайларды кыйып, агып жаткан сууну бөгөп, жерлерди казып салышыптыр. Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз ишине каршы тура албагандыктан, эл чогулуп барып, техникаларын айылга алып келип коюшту", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.08.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодцы Миң-Булак эли силерге ыраазымын!!! Кыргыздын байлыгы жер астындагы алтын эмес негизи. Жер үстүндөгү кооз табияты,арча,карагай,жаңгак,суулары,тоолору менен Кыргыз жери өзгөчө.. же адашып жатамбы урматтуу окурмандар??
26.08.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жер астындагы жалтырак металдын бизге эмне кереги бар?? Андан көр эч бир өлкөдө жок көз жоосун алган көркөм табиятыбызды сактайлы!!!
26.08.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ким уюштурду деп уюштуруучуларга кысым корсотпосо эле болду бети жок бийлик, курааган химикатка ууланган эле жер калат бизге булардан кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: