super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Чогуу иштеген жубайларга суктанам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кесиптешин сүйсө болобу?" деген тема талкууга алынууда.

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Чогуу иштеген түгөйлөр кандай жумушта иштеп жатканы эң башкы суроо болуп турат, анткени кээ бир жумуштарда бирге иштегенге болбойт. Жумуштагы кызганычтан, атаандашуудан чыр-чатактар көп чыгышы мүмкүн. Бир четинен жумушка барып-келип, күнү-түнү бирге жүрүшкөнгө не жетсин. Бирок ар дайым чогуу болгондон да эки адам бири-биринен тажап калышы мүмкүн. Жубайлардын кесиптеш болбой эле, эки башка жерде иштегени жакшы".

"Мен да жубайлардын чогуу иштегенин туура көрөм. Көп кесиптештеримдин күйөөлөрү менен бир жерде иштегенине суктанчумун. Жумуштан чыкканда бирге басып сүйлөшүп келсең сонун го".

"Биз жолдошум экөөбүз кесиптешпиз. Таң эрте ээрчишип жумушка чогуу барабыз. Түштө бирге тамактанабыз. Кечинде ээрчишип чогуу кетебиз. Кесиптештерибиз ар дайым бизге суктанышат. Жумуш убактысында бизде кызгануу деген болбойт".

"Биз жолдошум экөөбүз кесиптеш болчубуз. 5 жылдай чогуу иштедик. Эртең менен жумушка чогуу барып, түштө кайнатам, кайненем, жолдошум болуп түшкү тамакка чогуу барчубуз. Кайра жумуштан кийин экөөбүз ээрчишип келчүбүз. Айыл ичи эгиз козудай ээрчишип, бири-бирине куп жарашат деп калышчу. Азыр өзүбүздүн кесиптерибиз менен эмес, башка эле жумуштардабыз. Өлкөбүзгө барсам кесибим менен иштейм десем, жолдошум, тескерисинче, кесибине такыр кызыкпайт. Чогуу иштесе деле болот. Мен буга каршы эмесмин".

Талкууга кошулуп, теманы толугу менен окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жолдошум, мен иштеген иш канага кирейин десе, мен каршы чыккам....мага жакпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: