super.kg logo

Өзбектер кармап кеткен Нурбек Усупбаевдин жубайы: "Нурбекти кармап кетишкен соң 2 күндөн кийин байланышка чыгып, Өзбекстанда экенин айтты"

 

Үңкүр-Тоодо 22-августта өзбектер кармап кеткен Нурбек Усупбаев үй-бүлөсүнө 2 күндөн кийин байланышка чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жубайы Гүлсия Дооронова бүгүн, 27-августта кабарлады.

"Нурбек 22-август күнү жумушка эртең менен чыгып кеткен, ошол бойдон келген жок. Жанында өзүнүн жана менин телефонум бар болчу. Буга чейин минтип көпкө чейин жок болуп кетчү эмес. Нурбекти Өзбекстанда деп угуп жатканбыз. Кармалышты дегенден 2 күн өткөн соң ал агама чалып, "мен Өзбекстандамын" деп эле айтканга үлгүрүптүр. Мына бүгүн 6-күн болуп жатат, бир кабар жок. Кудай буюрса, келип калат деп айтып жатышат", - дейт Гүлсия Дооронова.

"Кыргыз тараптан 11 адам Өзбекстанга өтүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын акимчиликтен айтышты. "Колубуздан келгенин кылып жатабыз" деп жатышат. Биз жыйынтыгы болсо экен деп эле тиленип, күтүп отурабыз", - деп кошумчалады Дооронова.

Нурбек Усупбаев менен Гүлсия Дооронованын 2 баласы бар, бирөөсү кайтыш болгон. Учурда Усупбаевдин жубайынын да, апасынын да ден соолугу начарлап жатканы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
27.08.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайран элим кайда баратабыз? Оз жеринде озгого коз каранды болуп! Эх, кыргызым...
27.08.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бийлик эртерээк кыймылдагылаа!!! Элдин кыжырына тийбей!
27.08.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Охоой сабырдуу болгула. Бийликти жамандагандан пайда жок экенин билебиз.
27.08.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акимчиликке коюп койбой республикалык денгээлде чечиш керек болчу . Кайра кайталанбай турган кылып. Ак уйдогулор жан талашып конституцияны озгортпой ушуга окшогондорду чечишпейби копко иштегилери келсе.
27.08.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуга окшогон окуяларды окуп туруп, мамлекеттеги бийликтин алсыздыгы,бийликтегилердин жон гана оз кызыкчылыгы учун иштешини коруп туруп Кыргызстандан кетип калыш керек ко бизге ,карапайы калкка деп ойлоп кетем.Билбейм,мамлекет мени корумак турсун тескерисинче бошушун коруп абай кыжырданам.Эмне кылабыз башка,биз жонокой адамбыз,бизди эч ким укпайт,корубайт,бакпайт.Билем,туура эмес суйлоп атам, бирок ушуга окшогон маалыматтарды окуп алып кыжаалат болосун адам,эртен эмне болот,тынчылык эле болсунчу
27.08.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбектер неге кирет биздин территорияга,погран кай жакты карап отурушат.чек араны буздубу атыш керек,конуп калышкан да кирип чыгып эртереек чечкиле озубуздун жерлерди алдырып коюп отура бербей.Бир дагы чон ,депутатка ишенбейм ошон учун шайлоого барган эмесмин барбайм дагы.Кайсы арына каникулда журушот жеген акчаларды чачып журушот да.Бугун не болду кыргыздар жаш кыздар,балдар олуп калышты орт чыгып.Ошонун баарына бийликтин куноосу,жумуш жок болсо дагы аз толойт.
27.08.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят мен депутат министирлердин ордунда болгонумда ишими тапшырып чыгып кетет елем өкүнүчтүү арам тамактар ел астында жооп бербесенер кудай астында жооп бересинер
27.08.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектердин милициясы деле кириптирго тактала элек жерге, кыргыздар деле озбек жарандарын неге "заложник" кылып алып кирип кете албайт?!
27.08.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мамлекетибиздин алсыздыгы дагы далай кыргыздын козунон жаш агызат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: