super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков студенттер менен жолугушту

 
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде болуп, окутуучулар курамы жана студенттер менен жолугушту. Жолугушууга ЖКнын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова, депутаттар Элмира Жумалиева, Талантбек Узакбаев, Абдыжапар Бекматов, КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да катышты. Сөз сүйлөгөн Асылбек Жээнбеков аталган жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү катары өзүнүн студенттик күндөрүн, ал кездеги билим берүү системи тууралуу айтты. Ал КУАУ кыргыз интеллигенциясынын, республиканын алдынкы кадрларынын очогу экенин да баса белгиледи. Ошондой эле студенттерге кайрылып, жаштар бардык реформалардын кыймылдаткыч күчү экендигин айтты. "Жалпы коомчулуктун колдоосу жок кайра курумдардын ийгиликтүү ишке ашуусу күмөн",- деди төрага. ЖКнын депутаттары университеттин окутуучулары менен студенттерине алар тарабынан көтөрүлгөн өлкөнүн агротармагын өнүктүрүү демилгелерине ар дайым колдоо көрсөтүүгө убада берди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: