Москвадагы өрт: Мэр Собянин 17 адамдын өлүмүнө күнөөлүү сөзсүз жазага тартыларына сөз берди

Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон 17 адамдын өлүмүнө күнөөлүү табылып, сөзсүз жазага тартыла турганын шаар мэри Сергей Собянин социалдык тармактардын бириндеги өздүк баракчасына жазды. "Өрт өчүрүүчүлөргө, куткаруучуларга, дарыгерлерге рахмат. Ишенем, күнөөлүү табылат жана жазаланат", - деп жазды баракчасына.
Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан өрт бүгүн эртең менен чыккан. Өрттүн келип чыгуусуна электр чырагынын жарактан чыгышы себеп болгону айтылды. Өрт басмакананын биринчи кабатындагы кампадан чыгып, аз эле убакыттын ичинде жогорку кабаттарга жеткен. 4-кабаттагы 16 адам чыга албай калып каза тапкан. Алардын баары 17 жана 18 жаштагы кыргыз кыздары экендиги айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
-1

Жакындарына сабырдуулук тилейбиз, Жаратканым бейишин берсин...