Москвадагы өрт: "Ушунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан" дейт Москвадагы өрттөн жакынын жоготкон кыз

Кечээ, 27-августта Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, анда мекендештерибиз да каза болушту. Окуя болгон жерге маркумдардын туугандары, жакындары барышкан. Алардын күйүтүн чагылдырган видеолор, сүрөттөр интернет ааламын каптоодо. Бул видео да ошолордун бири. Анда жакынын жоготкон кыз ыйлап, өрт өчүрүү кызматкерлери тиешелүү деңгээлде аракет көрүшпөгөнүн, бул окуяда Кыргыз Республикасындагы коррупционерлердин да күнөөсү бар экенин айтат.
"Ал кыз 16-18 гана жашта болчу. Өрт өчүрүүчүлөр бир нече сааттан бери аларды алып чыга элек. Аякта дагы канча адам бар. Эмнеге бул оор?! Алар келип күйүп жаткан имаратты жөн эле карап турушту. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Буга ким жооп берет? Мунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан! Эгер биздин өлкөбүздө баары жайында болсо, биз бул жакка келбейт болчубуз. Биз мекенибизде жашап-иштемекпиз, минтип азап чегип жүрбөйт болчубуз!" - деп ачууланып ыйлайт видеодогу кыргыз кыз.
"Мунун баары коррупционерлердин айынан!" дейт Москвадагы кыргыз


Бир жагынан Аксы жаздан бери каша малаша?! Эми мекендештерибиз аза кутуп, кан жутуп олтурушат!!!
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Жакындарына сабыр берсин!
Жайлары жанаттан болсун,жакындарына сабыр берсин...
"Разруха не в клозетах, а в головах"(Булгаков)
Алты санын аманбы, КР деле жумуш тапса болот.Ооба, маянасы аз, бирок ошого топук кылып жаша б-т. Жок, бизге кур намыстын артынан той-топур,кымбат машина, телефон.....
Менимче сен озун интеллектинди жогорулатышын керек, хотя поезд кетиптир, сен ушул Арзыматтыгындан жазбайсын го...
Колунан к... да келбейгенден кийин дипломду не кылат? Шугур дейли Кудайга. Кыргызстанда эле жашап, бутка тургандар толтура. Чонураак ачалы козду.
өзүндөгу кемчилик, жалкоолук, сабатсыздыкты жойюнун ордуна ар кимге жоопкерчиликти илип коюш өңой
Ууф жүрөгүм ооруп кетти....(((?