super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту

 
Эки президент өлкөлөр аралык кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышты
Эки президент өлкөлөр аралык кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышты

11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Астанадагы "Акорда" мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө пикир алышты. “Мен Сизди, бүткүл бир тууган Кыргызстан элин колдоймун. Биз чын жүрөгүбүздөн жакшылык гана каалайбыз. Сиздердин жергеңиздерде дайыма тынчтык жана туруктуулук болушун тилейбиз. Кыргызстандын экономикасы план ченемдүү өнүгүүсүн каалайбыз”,- деди Назарбаев. Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын экономикалык кайра түзүү  жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан  пайдалуу экендигин белгилеп өттү. “Өз ара пайдалуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого кезектеги  мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтамын. Казакстан Борбордук Азияда динамикалуу өнүккөн мамлекет болгондугу бизди абдан кубандырат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев. Айта кетсек, эки президент өз эне тилдеринде сүйлөшүү жүргүздү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: