Мелис Мырзакматов: "Силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле..."

27-августта Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон кыргыз кыз-келиндеринин жакындарына Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу көңүл айтты.
"Тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан мекендештерибиздин артында калган, бапестеп багып, гүлзарынан айрылган ата-энелерине, бир туугандарына, үй-бүлөлөрүнө жана жалпы эле кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, ыймандары саламат болсун! Калган өмүрлөрүн жакындарына берсин. Кайрат кылыңыздар. Күлгүн курак… Өмүр-өлүм эмне экенин аңдап биле элек, өмүрдүн жазын тосуп жаткан кызгалдактар. Эмне айтарымды билбей турам. Жан дүйнөм бырчаланып, жанымды коёрго жер таппай турам.
Силер эртең көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган азаматтардын жары болот элеңер… Силер биздин эртеңибиз, улуттун учугун улай турган уулдарды, саамай чачын сеңселткен кыздарды төрөгөн эне болот элеңер…
Кечиргиле… "Кайсы элде жүдөө күтсө зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты" дегендей, силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле. Кечиргиле… Кечиргиле… Кечиргиле… Жайыңар жаннатта болсун!" - деп айтылат көңүл айтуусунда.
Айта кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны экени маалым болду.

Кызык, мына мисалы мен англис тилинен мугалиммин. Университетте иштеп 3 мин сом алып, жетпеген учун, пара ала албагандыгым учун Росиияга кеткем. Эмне, аз айлыкка бала тарбиялайын деп опк-журокту каккылап аракет кылсам бироо менин казаныма аш салып бермекпи. Эмнеге менин балдарым ачка отурушу керек ,мен самсаалап квартиралап кочушум керек оз элме керекмин деп. Мына ,ачуу чындык. Мен озумду сатылып кеттим деп мисалы эсептебейм, бирок орус берип атат татыктуу ишти, татыктуу айлыгы мене
Түңүлүп кетесинда....