super.kg logo

Текебаев Москвадагы трагедияга байланыштуу республика боюнча аза күтүү күнүн жарыялоону сунуштады

 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Москвадагы өрттөн каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн партиянын катчылыгы билдирди. Текебаев республика боюнча аза күтүүнү жарыялоону сунуштады.

"Трагедия болду, ал биздин көз алдыбызда болуп өттү. Түз эфирден биздин ыйлаган, жардам сураган кыздарыбызды көрүп, алар менен кошо кейип, өрттөнгөн имараттын ичинде калган кыздарыбыздын аман-эсен куткарылышын Кудайдан тилеп турдук. Тилекке каршы, куткаруучулар үлгүрбөдү. Биздин кайгыбыз алыстан болсо да көрүп туруп, жардам бере албагандыгыбыздан, аргасыздыгыбыздан ого бетер күчөп турат. Жаш кыздардын өмүрү үзүлдү, ар биринин өзүнүн ой-тилеги жана максаты бар эле. Алар "үй-бүлөлүү болсом" деп, үй-бүлөсү барлар "балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнүчүн көрсөк" деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана үйлөнгөнүн көргүсү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп, аларды кубандыргысы келишкен. Бул кадимки эле адамдын тилеги, ар бирибизге түшүнүктүү тилек. Ошондуктан бүтүндөй Кыргыз Республикасынын жарандары бул трагедияны өзүнүкүндөй кабыл алды. Бул трагедия биздин үй-бүлөбүздө болгондой, кызыбыз же карындашыбыз менен эле болгондой болду.

Бул трагедия дагы бир жолу үй-бүлө тиричилигинен баштап, улуттук экономиканын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөргөнүн көргөздү. Биздин мигрант кыздарыбыз, карындаштарыбыз бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, иштеп тапкан акчасын өзүнө коротпой жыйнап, төкпөй-чачпай Кыргыз мамлекетине жөнөтүп, өзүнүн үй-бүлөсүн гана эмес бүтүндөй өлкөбүздүн экономикасын колдоп келе жатышат.

Кыздарыбыздын өлүмү - бул улуттук масштабдагы трагедия. Ошон үчүн биз өкмөткө республика боюнча аза күтүүнү жарыялап, кыздарыбыздын элесин эскерип, акыркы сапарга татыктуу узатып коюуну сунуш кылабыз. Бул трагедиядан өкмөт жыйынтык чыгарсын.

Каза болгон кыздардын ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кабыргасы кайышып, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп турат", - деп айтылат көңүл айтуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(34)
28.08.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура! Аябай ичим ачышты,айла жок! Жайлары жаннаттан болсун!
28.08.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин окмот жыйынтык чыгара албайт окмотубуз алзыздыгын коргозуп бутту кайран элим куйуп кул болдукко
28.08.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бугунку кундун курмандыгы, эртенки кундун мыкты келечеги. Ар Ким оз комочуно кул тартпай мамлекетибиз учун кызмат кылса дуркурогон бай олко болот элекпи... Тилеке каршы андай тонкоруш жасоого эркибиз жетпей турат.
28.08.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Омурбек Текебаев мигранттарды ойлогон инсан!Чон рахмат сизге,Омурбек Чиркешович!
28.08.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha, минустардан жыйынтык чыгар. Элди алдай албайсын эми...
28.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элим буюрса баары жакшы болот. Буюрса мага окшогон жаш жеткинчектер бийликке келсе, кыргыз элин жерин ойлогон атуулдар келсе кыргыз жергебиз онугуп осуп завод фабрикалар ишке киргизилсе элибиз оз жерибизде иштеп калаарына козум жетет. Каза болгондордун жакындарына терен конул айтам.
28.08.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх,Создун майын чыгарып эле жылуу суйлошту билбестен иш жузуно ашырып иштештида билгилечи, кагылайын бийликтегилер бири.бириндин бутундан тартып эле 2 козунор бийликте,Кыргызстан качан онугот?Кыргыстанды алдыга суйроп онуктуруу учун да,бийликти талашкандай качан жан талашып иштейсинер???
28.08.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул партия деле өкмөттө иштеген инсандардын катарына кирет.. жакшы сөздөр менен арбап,көңүл айтып кейигенди эле билишет.. рахмат ошонуңарга!!!
28.08.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чынле ушу кишинин создорубу? журналист жазып берген бул окуган
28.08.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын кнопка баатыры болбогула)
28.08.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озбектер бир адамы учун 7адам келип такталбаган аймака кирип талабын койот А биздечи урдап олуп калсада иши жок
28.08.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Качанкы Текебаев.Эл учун иштесе 30-40жылдан бери текилдебей иштебейт беле.Конул бурганынызга рахмат.
28.08.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Терен кайгыруу менен конул айтабыз.Кабыргабыз кайышып турат)))
28.08.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Бул киши баарын коруп турат коомчулуктагы жеке жашоону ,тушунот ,ушул киши президент болсо бир аз кыргыз элинин башы которулмок деп ойлойм,тушунбогондор бул жонундо тескери суйлошот
28.08.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
shamshiev.80,кошулам созунузго!
28.08.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакыныңы жоготуу, ата-эне үчүн айдай баласынын өлүмүнөн өткөн азап барбы бул дүйнөдө, эне катары бул азапты мен да башыман өткөргөм, кыздарыбыздын ата-энесинин азабын,кайгысын көрбөсөм да жон-терим менен сезип турам :,,,(((. Аллахым баарыбызга сабыр берсин
28.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн туура соз Тирикчилик издеп талаага кетпей уй булоодо жетишкендик болуп турса уй окаатын кылып бала тороп тарбия берип жашаган аял киши учун чоон бакыт эле .Бул окуя коомубуздагы баардык турмуш туйшугун которгон аял экенин далилдеп койду
28.08.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай боорум ооруп турат.Жайлары жанната болсун
28.08.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок сабыр! !,
28.08.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу киши айтты беле Россияга барып иштеп келип жер ал деп
28.08.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хоп ака сиздики туура меники чын. Алаксыдыык. Эми жанагы чайлашкандар эмне кылышты Ункур-Тоону жарыялап койосдарбы супер
28.08.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мигранттардын абалы азыркы учурда эң оор абалда.Багы жокко дагы жок деп минтип өрттөнүп өлүп олтурат.Жашаган жериңде каттоого турбагансың деп канчасын депорт басып камам,айдап жатышат.Ушул маселени да караштырышабы?Ушул суроого да жооп бергилечи?
28.08.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Narynbek, бийликтин кучу да, духу да жетпейт. ЕАЭСке кирип деле "катталган дареги жашаган дарегине дал келбейт" деп канчалаган мигранттарыбыз депорт болуп келуудо. Мындайда элчилик менен бийликтин, Атамбаевдин козу корбой, кулагы укпай калат. Башкаларды куттуктап же конул айтууда алдына киши салдырбайт...
28.08.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өкүнүчтүүсү көп чоңдор эми бул трагедияны пиар катары колдонушат. калп сүйлөп, калп ыйлап.
28.08.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
take220281, ооба кошулам. Некоторые пытаются на их горе заработать политические очки.
28.08.2016. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
take220281,тупа туура соз кошулам.
28.08.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек байке кийинки шайлоого катышпа сураныч.кылган кызматынды баалайм рахмат кызгызга куйгонуно.бирок Бабанов келиш керек ошол инсанга жардам бер.
28.08.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колундан келсе элине жакшы жашоо тузуп бер! Каза болгондордун тилегин сиз айтпасанызда баарына белгилуу! !!!
28.08.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselina_kg, сонун жооп азаматсын кошулам.
28.08.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аза кутуу кунун киргизуу керек колдойм Текебаквди
28.08.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздардын олумуно туздон туз сен себепкерсин.Сен Атамбаев Отунбаева ушулар куноолуу.Бейиштей болгон жерибизди тозоко айландырдынар.Элдин акысын жеп байыгандвс, силерди элдин кусуру урсун
28.08.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
JENTELMEN, кыйраттын
28.08.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
билбейм алдыдагы жашообузду,кичине болсо да,аракет кылышбайт биздин окмот баары устуртон,биз мекендештер канча жыл,канча кун чыдап иштеп
келебиз,биз оз жаныбызды эмес,мамлекетти да,экономикабызды которуп келебиз,окмот,президент баш,болуп конул жылытаарлык иш кылып,аягына чыгышбайт,алар жашап коргон эмес,ошол учун тушунуксуз аларга,тушунбойт дагы,не кылабыз айла жок,козунон
жаш агат,бир туугандарына,жакын адамдарына терен,кайгууру м/н конул айтам,жаткан жери
жайлуу,болсун,,,,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: