super.kg logo

Малайзиядагы мекендештер жолугушуу өткөрүп, Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгондор үчүн аза күтүштү

 

Бүгүн, 28-августта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган кыргыз мекендештердин жолугушуусу өтүп, анын алкагында мекендештерибиз 27-августта Москва шаарындагы өрт кырсыгынан каза тапкан Кыргыз мамлекетинин жарандары үчүн аза күтүштү.

Малайзиядагы мекендештерибиздин башын бириктирген бул жолугушууну Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов сөз сүйлөп ачты. Ошондой эле Москвадагы кырсыктан каза тапкан маркумдардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө жардам иретинде каражат чогултууну демилгелеп, экс-элчи 10 000 сом өлчөмүндөгү каражат кошту. "Колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылып, бир аз каражат топтосокпу деп ойлодук. Албетте, оор жоготууга учураган мекендештерибиздин туугандарынын ордун эч нерсе менен толуктап бере албайбыз. Каза тапкан жарандардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Кылычбек Султанов.

Малайзияда жашап-иштеген жана билим алып жаткан мекендештер дагы кырсыктын курмандыктарынын жакындары үчүн көңүл айтышарын билдиришти. Ошондой эле жолугушуунун алкагында каражат топтоо үчүн коюлган урнага акча чогултушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.08.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен ойлойм мамлекеттеги баардык мекеме ишканалар бир кундук маянабызды которсок дейм
28.08.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Султанов боорукер,чыныгы адамдык сапаты бар инсан окшойт.коптогон иштерди жасап атат.келечектеги Президент.
28.08.2016. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rruslan88,
Да президент болсо болгудай
29.08.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка мамлекеттин да элчилери барбы?эч бир башка малекеттин элчиси козго коруноор иштер м н Алек болгон жок окшойт.Кылычбек Султанов жакшы жаман иштерде ар дайым жардам кылып жатат,салымын кошуп жатат.Урматтуу Кылычбек Султанов сизди сыйлайм урматтайм адамгерчилик ,жонокойлук эмгекчилдик сапатыныз дайыма бар болсун!Ишинизге ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: