Москвадагы өрт: Каза болгондордун жакындарына Жогорку Кеңеш материалдык жардам берет
Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков Москва шаарында өрт кырсыгынан каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакындарына көңүл айтканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 28-августта билдирди. Төрага каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырды.
Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 3 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган үчөө Орусиянын жарандары. Алардын аты-жөндөрү такталды. Эртең өлкөдө каза болгондорго байланыштуу аза күтүү күнү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Тушма-туш келгени бир аз кумондотуп жиберди. Бирок мынчалыка барбастыр бийлик.
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Аллахым бейишинен орун берген болсун.