super.kg logo

Москвадагы өрт: Кайран кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз... (фото+видео)

 

Шордуу кыргыз, ай, шордуу кыргыз, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз. Көр оокаттын айынан 14 кызын тилсиз жоого жалматып, мындай күндү Кудай башыңа салбаса не? Угуп-билгендин баары “ажалдан алып кала албадык, кечиргиле, кечиргиле, кечиргиле...” деп гана тим болушту. Улуу-кичүү дебей көзүнөн жаш агызып, кайгыга батты. 14 периште 14 үйдүн куту, 14 үйдүн кызы эле. Өзгөчө он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып бөтөн жерде, бөтөн элде көз жумган кыздардын өлүмү орду толгус чоң жоготуу болду.

14 кыз-келиндин эң эле улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 18ге толо элек өспүрүм кыз болду. Айрымдарынын артында 2-4 баласы бар болуп чыкты. Каза болгондордун ичинен 26 жаштагы Айчүрөк Абдумаматованын жолдошу Хусмидиндин “Эки кызыма эми эмне деп айтам?” деп мукактанып ыйлаганы мен үчүн асманды жерге таштап жибергендей туюлду. Хусмидин менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып ал гана эмес, мен да артында калган 4-5 жаштагы эки кызынын тагдырына кайгырдым, айла жок, көңүл айтып эле кала бердим.

Айрымдары күнөөнү кимге коёрун билбей башы маң болсо, айрымдары ушул окуя үчүн бийликти, чиновниктерди күнөөлөштү. Кырсыктан аман калган кыздардын бири бул ойду бекемдеди. "Буга ким жооп берет? Мунун баары өлкөбүздөгү коррупционерлердин айынан! Эгер биздин өлкөбүздө баары жайында болсо, биз бул жакка келбейт болчубуз. Биз мекенибизде жашап-иштемекпиз, минтип азап чегип жүрбөйт болчубуз!" деп зар какшады. Мына бул күн кыргыздын нагыз жүзүн көрсөтүп, көзүн ачты.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов да: "Силерди коргой албаган, күлгүн жаш курагыңарда бөтөн эл, бөлөк жерде ажалга алдыртып ийген кыргыз жигиттерин кечиргиле. Өз элин, өз жерин өзгөлөрдөн коргой албаган арсыз бийликтин алсыздыгын кечиргиле. Кечиргиле..." - деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Андан кийин эле депутат Өмүрбек Текебаев да көңүл айтып, улуттук экономиканын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөрүп жүргөнүн көргөзгөнүн өзүнүн көңүл айтуусунда өзгөчө белгилеп кетти. Ошондой эле кыздардын ичиндеги аткарылбай кеткен арманын туюп: "Алар "үй-бүлөлүү болсом" деп, үй-бүлөсү барлар "балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнүчүн көрсөк" деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана үйлөнгөнүн көргүсү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп, аларды кубандыргысы келишкен", - деп эскерди. Чынында, балдарын бапестеп багып отуруп алышса болот эле, бирок андай кыла алышкан жок. Ата энесинин, бир туугандарынын алдында жаркылдап жүрүшсө, секелек кезинде көр оокаттын айынан тентибей (бөтөн жерде жүрбөй) жогорку окуу жайда окушса жарашпайт беле?..

Социалдык түйүндөрдө биринен сала бири демилге кылып жатышып, экинчи күнү Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аза күтүү уюштуруп, гүл коюп эскеришти. Москвадагы мекендештер окуя болгон басмакананын жанына чогулуп эскеришти, бирок ал жетишсиз экенин көрүп, республикалык деңгээлде аза күтүү керектигин бир дем менен демилге кылышты. Мына ушундан кийин президент Алмазбек Атамбаев 29-август күнүн аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги бүгүн Кыргыз жеринде желбиреген жок.

Депутат Аида Салянова эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөнү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү токтото турууга чакырды. "Кайсы арыбызга майрамдайбыз?" деп чындыкты айтты. Анын сөзүн колдогондор, кодулагандар да болду. Албетте, 14 кыз-келининен айрылган кыргыз кантип майрамдап, кантип баш көтөрөт? Бирок бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында сахнанын жасалгаланып жатканы эгемендүүлүк белгиленерине далил болду.

Акындардын ырлары

Кармап алып татаал турмуш этегин,
Эх, өмүрлөр, батпы ушунча кетериң?
Эми туйдум, карындаштар, эжелер,
Менин дагы бир тууганым экенин.

Ош түнөрүп, муңайгандыр көл чети,
Түштү тагдыр тыйынынын сол бети.
Он жети миң урпак болуп көбөймөк,
Он жети эне. Он жети аалам. Он жети...

Улукбек Омокеев, жаш акын.

Калаа барбы кыргыз буту баспаган?
Кана, барбы кыргыз санаа тартпаган?
Өз элинен жылына албай бакытка,
Өрткө кетти канчалаган жаш балаң.
Кыз-уулуңду бага албаган мекенде,
Кыргызмын деп кайсы арыма мактанам?!

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын.

Каза болгондордун аты-жөнү:

1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылынан;
2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин шаарынан;
3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айылынан;
4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Ноокен районунун Курулуш айылынан;
7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Өзгөн районундагы Куршаб айылынан;
8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынан;
9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Алай районундагы Кабылан-Көл айылынан;
10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ноокат районундагы Төөлөс айылынан;
11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынан;
12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан;
13. Алабердиева Кыял Дөөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ак-Суу районундагы Челпек айылынан;
14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынан.






Москвадагы өрт: Эрте кеткен турналар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
29.08.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эх кандай гана өкүнүчтүү кандай гана азап,кандай гана күйүт,сабыр кыргыз элиме .
29.08.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ооххх! Журогум ай!!! Ыйлаттыго каргыш алгыр бул кырсык!!!…
Эже-синдилерибиздин жаткан жери жайлуу болсун! Бейиштен орун берсин Кудайым!…
Palan4a түзөттү 2016-08-29 16:27:47
29.08.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул суротто коруп ушул балдарга терен ыразылык билдирем бар болгула кыргызымдын намыской жигиттери ортко карабай 4 тоосун болсода Аман алып калганы учун. Ошол жерде канчалаган Адам карап турдуда жардам бербей, кала берсе пожарныйлар дагы озубузго озубуз куйбосок эч Ким бизге куйбойт чет жерде журуп бири бирибизди уят кылып жер каратпай жардам Бергенди уйронолу
Ал эми мерт кеткен жердештерибиздин жайлары жанаттан болсун.
Тууган уруктарына сабыр берсин Аллахым.
29.08.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
канчада келет экен
маалымат жокбу
29.08.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаткан жерлери жаннаттан болсун
ата эне бир туугандарына көңүл айтам,
29.08.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кочмондор оюнун артка жылдырганда эмне пайда байкуш кыздарыбыз тирилип келмек беле?бирок жакшы иш болбоду
29.08.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир туугандарына Терен кайгыруу менен конул айтам жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун аалах бейишинен орун берсин
29.08.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнегедир орустар конул Айтып коюшпады странно.
29.08.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
papanstan,айтышып эле жатышат соц.тармактарда. Ал эле эмес "правительствосуна наалат!" деп жазышыты!…
Palan4a түзөттү 2016-08-29 17:46:52
29.08.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жаткан жерлери жаннаттан болсун, бир туугандарына терен кайгыруу менен көңүл айтам.
29.08.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынчалык ыйлаган эмес элем.(((
29.08.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коргон сайын ыйладым ушул кыздарды:(Жайы Жанаттан болсун.Ажал айтып келбейт да,жакындарына сабыр тилейм!Саат канчада келет экен Ошко,ким билет?
29.08.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге пайдасы тийе турган эр журок жигиттерибиз гор тиригилик деп талаалап журушот жеп жутаарлар бийликти байлыкты басып алышып тамаша кылып олтурушат ыссык уйлорундо
29.08.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул эже синдилер жонундо тема окусам токтоно албай ыйлап жатам айнектен колдорун чыгарып кете бергенин элестетип батпай барам жашасалар болмок эле атттттин дуйно.....
Жайынар жайлуу топурагынар торко болсун АЛЛАХ бейишин ылайым насип эткен болсун
29.08.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхх байкуш Кыргызымдын кыздары канчалаган азап чекти. Колундун бир чекесине тикен кирсе канчалык сыздатат, эже карындаштарым куйуп кетти. Жаткан жери жайлуу болсун. Комментарий окугандар, эч кандай жардам бере албасанарда ушул 14кыз менен ош бишкек жолунда каза болгондорго Куран окуп койгула. Аллах ыраазы болсун.
29.08.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото окунучтуу деп оор ушкургондон башка айлам жок эххх.....
29.08.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Путинди жерге сууга тийгизбей мактайбыз.Эл козуно болсо дагы конул айтып койсо болот эле
29.08.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жеринер жайлуу болсун
29.08.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечир бизди карындашым эжекем
Кечир мени кызым менин берекем
Биз жибердик иштегенге ботон элге
Тообо кылбай Алла берген напсиге
29.08.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кана эле, ошол күйгөн 14 эже карындаштырымдын ордуна мен күйсөм мейли эле ошол жалынга, эхх..
Кечиргиле.....
29.08.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
(((((( ыйладым....
29.08.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалындап жаштык кундун коро албай
Кете берди кош айтышып биздин кыздар
Кана канакей деп апакем деп
Кала берди канча деген наристелер
Куйом ортоном жаным жанчылды
Угуп суук кабарды аллахым жанаттан орун берсин деп аллахыма дуа айталы кыргыздарым
29.08.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иииии)))Жайлары жаннатта болсун.
Медиа-портал
30.08.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Катардан болунуп учкан турналар, о дуйного неге мынча шаштынар экен... Айла канча "Аттин" дегенден башка соз жок жаткан жеринер жайлуу топурагынар торкоо болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: