super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: "Поп-музыканын падышасы" аталган америкалык ырчы Майкл Жексон тирүү болгондо 58 жашка толмок

 
Майкл Жексон жаш кезинде
Майкл Жексон жаш кезинде
Ырчы жаныбарларды аябай жакшы көрчү

"Поп-музыканын падышасы" аталып, аталган музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта АКШнын Гэри (Индиана штаты) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексон балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган.

Ал 15 "Грэмми" жана башка жүздөгөн сыйлыктардын ээси болуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" 25 жолу кирген. Учакта бара жатып "Кока-Коланын" бөтөлкөсүнө шарап куйдуруп ичип жүрчү. Бул нерсени ал жаш балдар анын спирт ичимдиктерин ичип жатканын көрүүсүн каалабастыгы менен түшүндүргөн.

Майкл Жексонду уйкучулугу 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын Бүткүл дүйнөлүк соода борборундагы кандуу окуядан, тагыраагы, өлүмдөн сактап калган. Аталган жайда ырчынын маанилүү жолугушуусу өтмөк, бирок ырчы уктап калып барбай калган.

Режиссёр Жей Жей Абрамс Майкл Жексондун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу телесериал тартууну пландоодо. Бул тууралуу америкалык басылмалар ушул жылдын июнь айында маалымдашкан. Маалыматтарда тасма алып баруучу Тэвис Смайлинин Майкл Жексон тууралуу жазган китебинин негизинде тартылары жана анда Жексондун чыгармачылыгынын дүйнөлүк маданиятка тийгизген таасири тууралуу баяндалары айтылат. Тасманы "Warner Bros. Television" компаниясы тартат, бирок анда кайсы актёр-актрисалар роль жаратышары маалымдалбайт.

Белгилей кетсек, ал 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп-жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон. Ал ала оорусунан (илимде витилиго деп аталат) жабыркаган. Мындан улам жүзү агарып, бетинин өңү бир калыпта болуусу үчүн атайын косметикалык каражаттарды колдоно баштаганын, өңүн агартуу үчүн эч кандай пластикалык операция жасатпаганын 1993-жылы берген интервьюсунда ырчы өзү ачык айтып чыккан.

29-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: