super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бош кызмат орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өткөрүлөт

 
16-апрелде Бишкектеги №5-кесиптик лицейде бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Иш-чараны КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Бишкек шаардык башкармалыгы уюштуруп жатат. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жарманкеде жумушсуз жарандарга 3500дөн ашык бош орундар сунушталат. Анда калаанын алдынкы уюмдары жана мекемелери тааныштырылып, жумуш издегендер жумуш берүүчүлөр менен түз байланыша алышат. Ошону менен бирге, жарманкеге шаардык кесиптик лицейлер катышат. Ал жерден кесиптик лицейлер жөнүндө маалыматтарды алып жана чеберлердин колунан жасалган буюмдардын көргөзмөсү менен таанышууга болот. Аталган иш-чарага ылайыктуу ишке же кесипке ээ болууну каалаган бардык жарандар катыша алышат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: