Жайыл районунда жол кырсыгынан каза тапкан 9 адамдын аты-жөнү белгилүү болду
Жайыл районунда жол кырсыгынан каза тапкан 9 адамдын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 27-август күнү саат 11:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында болгон. Анда Мицубиси Лансер унаасы менен Фольксваген Пассат унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен биринчи унаадагы 1986-жылы туулган Болот Жумадылов, 1983-жылы туулган Тынчтыкбек Кулов, 1979-жылы туулган Айзада Исмаилова, 1984-жылы туулган Нурдин Касымов жана экинчи унаадагы 1980-жылы туулган Жылдызбек Шүкүров, келинчеги 1980-жылы туулган Элнура Шүкүрова, 3 жумалык эгиз балдары Аэлин Шүкүрова жана Алият Шүкүров кырсык болгон жерден жан беришсе, болжол менен 2002-2003-жылы туулган Жылдызбек кызы Нурайым ооруканага жетпей каза тапкан.
Учурда Мицубиси Лансер унаасындагы 2010-жылы туулган Арсен Бакытбеков ооруканада. Дарыгерлердин айтымында, абалы өтө оор.

Кудай сактасын!!!
Топурагы торко болсун
Ыйманы болуп саламат
Жакындары кайрат кылсын
Куран менен кайтаралы
Аласа менен бересени
Кайсы жерликтер экен?
Акыркы окуялар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып,муунубузду бошотту(((
Жаткан жериниздер жайлуу болсун !