super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: "Кышкы соната" сериалына тартылып, бүт Азияга таанылган түштүк кореялык актёр Пэ Ён Жун 44 жашка толду

 
"Кышкы соната" сериалында Кан Жун Сандын ролунда
Түгөйлөрдүн чогуу түшкөн сүрөттөрүнүн бири

Бүгүн, 29-августта "Кышкы соната" сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылып, атак-даңкка бөлөнгөн түштүк кореялык актёр Пэ Ён Жун 44 жашка толду. Ал Сеул шаарында туулган. Сонгюнгван университетинин сүрөт искусствосу факультетин бүтүргөн.

Пэ Ён Жун тасмадагы дебютун 1994-жылы баштап, 1999-жылга чейин түрдүү сериалдарга тартылган. Бирок окуусуна байланыштуу убактылуу кино чөйрөсүнөн четтеген. 2002-жылы “Кышкы соната” сериалына тартылып, бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп чыга келет. Аталган тасмадагы Кан Жун Сандын ролу аны "Корея толкунунун" башкы фигурасына айланткан. Пэ Ён Жун "Жаңжал", "Ата", "Жупуну жаштык", "Алгачкы махабат" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Кыздардын сүйүктүү актёру Пэ Ён Жун 2015-жылдын 27-июлунда сүйүктүүсү модель, актриса Пак Су Чжинге баш кошкон. Атактуулардын үйлөнүү тою жакын туугандарынын, санаалаштарынын гана курчоосунда өткөн. Бүткүл дүйнөгө белгилүү жылдыздын үлпөт тоюна жадакалса журналисттер да кире алышкан эмес. Алар алыстан гана тойду тартып алууга аргасыз болушкан.

29-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
29.08.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо 43 жашында уйлонуптурда.
29.08.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча кеч уйлонушут же коп балалуу болгулары келбейби??
29.08.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актиор киносу да сонун
29.08.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай дагы.
30.08.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии муну 44 ко чыкты деп ким айтат)). Коз тийип кетпесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: