Нурлан Мотуев 7 жылга эркинен ажыратылды

Нурлан Мотуев 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Нурлан Мотуевдин ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-август күнү караган. Анда ал “көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо” жана “улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Чечимге ылайык, Нурлан Мотуев жазасын жатак-абакта өтөйт.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү коомдук ишмер Нурлан Мотуев “согуштук аракеттерге үндөгөн” деген шек менен камакка алынган. Буга анын 12-май күнү “Элдик парламенттин” өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Анда Мотуев кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырган.

Кой десек да кол котордун АШАга.
Көрүп келчи темир тордун ар жагын,
Көлбаевге барып тургун сабака
Ажеп эмес болуп кетсен Вор закон,
Ар күн сайын аласың сен миллиондон.
ХХХ ХХХ ХХХ
арасын билчу элен сен сонун
мен баймын деп тош кага кыздарды илип жаш кана кембагалды койчу деп
Уйлончу эле тез тезден жашарамын деп кана
Эми корчу абакты кембагал менен байдын айырмасы бар бекен