super.kg logo

Салык кызматы: Салыктарды банктарда, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдарында жана интернет-банкингдерде төлөө мүмкүн

 

Бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда транспорт салыгын төлөөдө карапайым элге ыңгайсыздык жаралып жаткандыгы тууралуу кабар жарыяланган.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү 1-2-сентябрда аяктаарын эскертип, бардык транспорт, турак жай жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктардын эсептелген суммасын өз убагында жана толугу менен төлөөгө жыл башынан бери эле чакырып келүүдө. Бул тууралуу бардык жалпы маалымат каражаттарында чагылдырылган, бирок практика көрсөткөндөй, салык төлөөчүлөр салыктарын акыркы күнү төлөгөнгө аракет кылышат. Ушуга байланыштуу акыркы күнү салык органдарында же банктардын кассаларында кезектер түзүлөт. Ошондуктан баарыңардан салыктык милдеттенмеңерди эртерээк аткарууну суранабыз. Мамлекеттик салык кызматы салыктарды төлөөдө өзүңөргө ылайык ыкмаларды тандап алса болорун эсиңерге салат. Салыктарды өзүңөр каалаган банктарда, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм терминалдарында жана интернет-банкингдерде төлөй аласыңар", - дейт МСКнын басма сөз катчысы Эркин Сазыков.

Салыктар өз убагында төлөнбөсө, 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынарын эскертти Сазыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.08.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сосновкадан толосо болобу
29.08.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алабукада дайым эле очирет бир эле адам иштейт экен мурдагыдагай эле айыл окмотто толосо жакшы болмок
29.08.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ жооп алып бере аласыздарбы.Бугун саат 02:30 чамасында МАИ кызматкелери тосуп 2016 жылдын салыгын толой элек болчум биринчи сентябрга чейин чейин толоп койом десем 2015жылдын квитанциясы жок экен демек дагы деле толой элексин деп 2000 сом жазып берип койду.Машинаны алганыма бир ай эле болгон.Не 2012. 2013 квитанциясын чогултуп журо беришим керекпи.
29.08.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
jengoo,мурунку ээсинен талап кылышын керек эски жылдын квитанциясын
30.08.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jengoo,машина алганда сураш керек да эски жылдын налог токкон кагаздары кайда депчи 2012.2013 ту эмес 2015тикин текшерет токконундо дагы сурайт налоговыйга копиясын бересин да эски жылдыкы толонгон деп болбосо штраф 2000+ 2015 2016 га толотот:-):-):-)
29.08.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкекте деле кечке чуркап аран токтум. Банкка очередей туруп жетсем налоговойдон кагаз дейт кайра ал жакта очередь,жетсем паспорттун копиясы дейт кыскасы жинди кылып жиберди.
29.08.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчак эле толоп койгом смела басып журом
29.08.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Плеймаркетте мобильный кошелек бар экен го.ошодон толосо болот экен.газ.свет.ком.услуга баары бар экен.комиссиясыз.бала менен кочого убара болбой уйдон толоп онуп калдым.силерге да сунуштайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: