Өзбектер кармап кеткен 4 жаранды чыгаруу боюнча сүйлөшүүгө кеткендер кечээ жыйынтыгы жок кайтышты
Өзбектер кармап кеткен 4 жаранды чыгаруу боюнча сүйлөшүүгө кеткендер кечээ, 28-августта жыйынтыгы жок кайтышты. Бул тууралуу Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Эске салсак, өзбектер кармап кеткен Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бири Нурбек Усупбаевдин жубайы Гүлсия Дооронова 27-августта Өзбекстанга кыргыз тараптан кармалган жарандарды коё берүү боюнча сүйлөшүүлөргө 11 адам кеткенин кабарлаган.
"Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, Өзбекстан бийлиги менен сүйлөшүүгө 11 адам кеткен. Алар кечээ, 28-августта кайтышты, бирок эч кандай жыйынтык жок. Аларды жакын да жолотушпаптыр. Эми биздин бийлик качан кыймылдайт билбейм. Өзбектер Үңкүр-Тоону өздөрүнүн жери кылып жарыялашты, эми тосуп алганда кыймылдашабы?.." - деди Озокеев.
Ал эми бул тууралуу Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев өзбек тарап менен кыргыз өкмөтү өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын айтты.
Ошондой эле бүгүн, 29-августта Бишкек сааты боюнча саат 22:00дөрдө дагы сүйлөшүүлөр болорун Гүлсия Доороновага Аксыдагы милиция бөлүмүнөн кабарлашкан.
Эске салсак, Өзбекстандагы Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүүнү жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын кармап кетишкен. Жердештерибиз 8 күндөн бери мекенине кайтпай, үй-бүлөлөрү кабатыр болушууда.

Качан козунор ачылат? Кыргызстан учун качан куйосунор? Канча убакыт чыдашыбыз керек ? Кыргызстан жок болуп кете турган болдуго.....
Токтоткула конституцияны оз
ар кимди күнөлөбөй,ынтымыктуу,сабырдуу бололу туугандар!!!
Ушул эле жердеги,Наалыган Чагымчыл,Экстремистик маанайдагарга кичине Акыл Эс берегөр Жараткан!
Ото эле бош президент экен.
Жерибизге келип жарандарыбызды алып
кетти Эмнени кутуп отурушат бийликтегилер ,бийлик талашып эле отурат эч кимди ойлонгон жок буларын..