super.kg logo

Режиссёр Болот Шамшиевдин 75 жылдык мааракеси өттү (фото)

 
Кинотеатрдын кире беришинде режиссёрдун чыгармачылыгына байланыштуу сүрөттөр илинген.
Залдын басымдуу бөлүгүн белгилүү чыгармачыл инсандар, коомдук ишмерлер ээлешти.
Замандын эки залкары: Болот Шамшиев жана Чыңгыз Айтматов.
Актёр Чоро Думанаев
"Ак кеме" чыгармасынан сүрөттөр

Бүгүн, 29-августта борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде кыргыздын чыгаан режиссёру Болот Шамшиевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, режиссёрлор Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Сүйүн Откеев жана башка көптөгөн кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары, коомдук ишмерлер катышты. Сахнага чыгып сөз сүйлөгөндөр алгач Москвада каза болгондорду эскеришип, орду толгус жоготуу болгонун, жамандык менен жакшылык жанаша жүрөрүн айтышып, эми мындан ары жакшылыктар болсун деген тилектерин билдиришти. Андан соң Болот Шамшиевге "ден соолукта болуп, чыгармачылык ийгиликтерди, дагы да кыргыз киносунда шедеврлерди жарата бериңиз" деген каалоолор айтылды. Ошондой эле сахнадан Казакстан өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчисинин, казак жазуучусу Мухтар Шахановдун, Орусия кинематографисттер уюмунун атынан жана башка инсандардан келген куттуктоолор окулду. Режиссёрду мааракеси менен куттуктап, алыскы АКШдан да достору видеокуттуктоо жиберишкен.

Болот Шамшиевдин кызы Сүйүүтай Жеңиштин айтымында, бүгүнкү иш-чараны өткөрүү үчүн жарым жылдай даярданышкан.

"Атам 12-январда 75 жашка толгон, бирок биз атамдын кечесин бүгүнкү күнгө белгилегенбиз. Бүгүнкү аза күтүү күнүнө байланыштуу иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн кыскартып койдук.

Атам менен биринчи кезекте менин атам болгону үчүн сыймыктанам, андан соң режиссёр катары. Мен да, иним Чыңгыз да ата-энебиздин жолун жолдоп, чыгармачылыкты тандаган жокпуз. Себеби бул жол канчалык татаал болорун атам айткан. Тасма бүткөн соң баары сонун көрүнүшү мүмкүн, бирок элестетиңиз, анын артында канча деген эмгек, мээнет жатат. Атам менен апам жааган жамгыр, кар, ысык-суукка карабай тартылышчу. Мунун баарын көргөн соң чыгармачылыкты эмес, башка жолду тандап кеткем. Ал эми менин балдарым чыгармачылыкка жакын. Кичинекей болгонуна карабай улуусу Геннадий Базаровдун тасмасына, бири клипке тартылууга үлгүрдү", - деди С.Жеңиш.

Иш-чарадан соң Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" тасмасы көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.08.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Олко боюнча эл аза кутуп жатса той-маараке, юбилейлерге жол болсун!!! 2-3 кун кийинкиге жылдырып турса болмок да... Эл ишенген аттуу-баштуулар юбилейлеп журот, "ишенген кожом сен болсон" болуп... Башка олколордо да аза кунундо юбилейлер откоруло береби?!
30.08.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74,туура айтасын, ушул кундору жон отурушса болмок, токтотуп
29.08.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жакшы...биз да куттуктайбыз.... соонун кинолордон күтөбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: