Өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайын борт Москвадан учуп чыкты
Каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайын борт туугандарынын жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган өкмөттүк топтун коштоосунда Москва шаарынан Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 29-августта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө Москва-Ош-Бишкек багыты менен учуп чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан туугандарына берилери маалым болду.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Москва шаарында каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүк штаб кечээ, 28-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн. Каза болгондордун сөөгүн өлкөгө алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдарына тийиштүү маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.

Аллахым тууган уруктарына сабыр бере кор.
Жаткан жерлери жайлуу болсун!!