super.kg logo

Жогорку Кеңеш менен өкмөт жетекчилиги Эркин Алымбековду эскеришти

 

Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук ишмер Эркин Алымбековду эскеришти. 29-августта жарыяланган некрологдо булар айтылат:
"Кыргыз Республикасы оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 29-августунда 54 жаш курагында III жана V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эркин Жумабаевич Алымбеков дүйнөдөн кайтты.
Эркин Алымбеков 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган. Ал Москва шаарындагы Орджоникидзе атындагы Башкаруу институтун “курулуштагы жана шаар чарбасындагы башкарууну уюштуруучу” адистиги боюнча аяктагандан кийин 1983-жылы эмгек жолун Айыл чарба министрлигинде экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1988-жылдары Фрунзе өндүрүш-бут кийим бирикмесинде алгач экономист, кийинчерээк цехтин башчысы болуп иштеген. 1988-жылы Кыргыз комсомолунун Свердлов райкомунун биринчи катчысы болуп шайланган. Андан соң Чакан бизнес ассоциациясынын менеджери, “Кыргызстан биримдик партиясынын” Аткаруу комитетинин төрагасы, Бишкек мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын корпоративдик башкаруу секторунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы, “Каракол” коомдук фондунун президенти кызматтарын аркалаган.
2005-жылдын мартында Э.Алымбеков III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, ошол эле жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.
2010-жылы октябрда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине төрагалык кылган.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси чинине ээ.
Эркин Жумабаевич Алымбеков республиканын коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышып, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болгон.
Кыргыз элинин ишенимдүү уулу Эркин Жумабаевич Алымбековдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат".
Ч.Турсунбеков, С.Жээнбеков, Н.Алимбеков, А.Өмүрбекова, М.Абылгазиев, И.Өмүркулов, Ө.Бабанов, К.Исаев, Б.Төрөбаев, А.Сулайманов, Ө.Текебаев, А.Кутушев, А.Осмоналиев, А.Бегматов, А.Шыкмаматов, С.Шер-Нияз, А.Салянова, Н.Никитенко, А.Маматов, С.Нышанов, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, А.Мамашова, Э.Токтошев, К.Базарбаев, Б.Шер, А.Сасыкбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
29.08.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун!
29.08.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун! Бирок Ушул депутаттар жана бийликтеги төбөлдөр,Москвадагы өртөн каза болгон кыздардыда эскерип койсонор болот эле,алардын өлүмүнө силердин күнөөнөр көбүраак,силер корупционер болгонунар үчүн, эл үчүн жер үчүн кызмат кылбай толька өз пайданарды ойлогонунар үчүн алар бөтөн жерде күйүп кетишти!
29.08.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун!
29.08.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оорубай туруп эле кете бердиби 54 жашында жаткан жерин жайлуу болсун не дейбиз Караколго келгенинде коруп калчубуз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: