Ош окуясынын чыныгы жабырлануучуларына үй берилбей жатканы айтылды
“2010-жылдагы Июнь окуясынын чыныгы жабырлануучулары өздөрү үчүн мамлекет тарабынан курулуп берилген үйлөргө ээ боло албай жатышат”,- деп билдирди Ош шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Талантбек Капаров. Анын айтымында, үйлөр чыныгы жабырлануучуларга берилбей, шылуундардын колуна тийип калууда. Депутат ошондой эле курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты начар болуп жатканын айтты. "Үйлөрдүн алдынан суу агып, терезе, эшиктери ажырап кетүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы да курула турган үйдүн жайгашкан ордуна көңүл бурган эмес",- деди Капаров. Айта кетсек, бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, ага Ош шаардык кеңешиндеги аталган фракциянын депутаттары да катышууда.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

