Жалпыга маалымдоо каражаттары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу жазышууда

Кечээ, 29-августта "Фергананьюс" басылмасы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу жазып чыкты.
"Ташкентте кечээ, 29-августта 79 жаш курагында Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза болду. Ал өлкөнү 26 жылдан ашуун убак башкарган. "Фергана" басылмасынын жеке булагынын айтымында, Ислам Каримов Ташкент убактысы боюнча саат 15:00-16:00дөрдө каза болгон", - деп жазган басылма.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары саат 18:45те каза болгонун жазышууда. Бирок бул тууралуу Өзбекстандын бийлигинин расмий билдирүүсү азырынча жок.
Эскерте кетсек, Ислам Каримов 26-августта Дурмень резиденциясында өткөн кечеден кийин эс-учун жоготуп жыгылган.
Ислам Каримов Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылга узартылган.

Которулуш кылгандарды.
Бакиев озу качып баратып элди эмнеге атмак эле ал 6 - апрелде эле качып кеткен. Мен ойлоп оюмдун тубуно жетпей келем.
Олгонуно кубанбайм тообо кылам, анткени менин да бешенемде бар бир олум....
Жаткан жери жайлуу болсун!!
В аппарате президента Узбекистана опровергли сообщения о смерти главы государства Ислама Каримова.