Бишкек шаардык прокуратурасында "түз байланыш" кызматы ишке кирди
Бишкек шаардык прокуратурасы КРнын жер жана шаар курулушуна байланыштуу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча “түз байланыш” кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Эми жарандар шаар курулушуна жана жер көйгөйүнө байланышкан мыйзам бузуулар болгон учурда (0312) 32-34-15, 32-34-26 телефон номерлери аркылуу байланышка чыгышса болот. Билдирүүлөр
15-апрелден баштап саат 10:00дөн 13:00гө чейин кабыл алына баштайт. Жарандар тарабынан айтылган маалыматтар негиздүү болсо, прокуратура текшерүү жүргүзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

