super.kg logo
  Саясат  

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдирген кайрылуу жасашты

 

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдирген кайрылуу таратышты. Тиешелүү кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол коюшту.

"Учурдагы Конституция эски систем өлкөдөгү тынчтыкты жана биримдикти бузуп жаткан мезгилде кабыл алынган. Бардык бөлүмдөр адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги мамлекеттик бийликтин маңызы менен мазмунун аныктайт деп иштелип чыккан. Конституция Эл аралык Венеция комиссиясынын, эл аралык беделдүү уюмдардын жана абройлуу адистердин экспертизасынан өткөн.

Бийликти узурпациялоо аракеттеринин токтобостугун биз алдын ала билгенбиз. Эски жаман адаттардан арылуу оңой эместигин тарых үйрөтүп жатат. Жаңы саясий системге заманбап ой жүргүзгөн жаңы адамдар керек. Жаңы саясий маданият бир заматта пайда болбойт. Ошондуктан Убактылуу өкмөт Конституцияны өзгөртүүгө 10 жылдык мораторий киргизген. Баш мыйзам өзүнүн негизги милдетин ийгиликтүү аткарып жатканын көрүп турабыз. Биз Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү процедурасы менен гана эмес, сунушталып жаткан өзгөрүүлөр менен да макул эмеспиз", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: