super.kg logo

Жалал-Абаддан Ошко барган 100 өспүрүм шаардын тарыхый жайлары менен таанышып чыкты

 

Жалал-Абаддан Ошко барган 100 өспүрүм шаардын тарыхый жайлары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар Ош облусундагы Сулайман-Тоо, Өзгөн тарыхый мунарасы, "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде болуп кайтышкан.

"Тарых жана маданият жылына карата "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында балдарды мекенчилдикке чакырып, достукту бекемдөө максатында атайын саякат уюштурулду. Мында өспүрүмдөр Ош облусундагы тарыхый мааниси терең жайлар менен таанышып чыгышты. Биздин мындай кадамыбыз балдарды мекенчилдикке үндөйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, саякаттын алкагында Ош шаарынын 30га жакын жаштары менен пикир алышуу орун алып, ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Аталган иш-чараны Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңиш Жоробеков уюштурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.08.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тузуук.Жаштарды ойлогондор да бар экен. Ошту мен да коро элекмин.Чуйдогудой мунара ал жакта да бар бекен? Балдардын омурундо бул экскурсия эч унутулбай калат.Ушинтип жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо учур талабы.
30.08.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мунара Озгондо бар.
30.08.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озгондонмун
31.08.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: