super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: Бокс боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров 50 жашка толду

 

Бүгүн, 30-августта бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы ЖКнын депутаты Орзубек Назаров 50 жашка толду. Ал 1966-жылы Кант шаарында туулган.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Жаш кезинен бокс дүйнөсүнө аралашып, машыга баштайт. 16 жашында СССРдин Спорт чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин 4 жолку жеңүүчүсү, Европанын 2 жолку, СССРдин 3 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 3 жолку байге ээси болгон. 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын 5 жолку чемпиону, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону болгон. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут).

1998-жылы ноябрда Алматы шаарында акырегине ок жеген. Тактап айтканда, ал достору менен аэропортко баратканда аларга 4 ирет ок атылып, мушкердин 2 досу көз жумган. Мушкер акырекке ок жеп, бактыга жараша, аман калган. Кылмыш жасагандар табылбай калган.

Ал өкмөттүк грамоталар, баалуу белектер, Даңк медалы менен сыйланган.

30-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.08.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"мен"деп озун пиарлай бербеген токтоо,тузук адам экен,озун элдин козунон ыраакта кармайт.
30.08.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге жакшы билбейбиз анан только уткан экенго...даражасы тайсон кличко р.донес мейвезерлердей эле экенго
30.08.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чемпион чемпион чемпион экенго байкебиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: