super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте иштебеген жол чырактын айынан 2 унаа сүзүштү" дейт окурман

 

Бишкекте иштебеген жол чырактын айынан 2 унаа сүзүштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 30-августта кабарлады.

"Жол чырак иштебегенине байланыштуу Бөкөнбаев көчөсү менен келе жаткан Хонда Степвагон автоунаасын Панфилов көчөсү менен бараткан Гольф-3 автоунаасы сүзүп, жыйынтыгында Хонда Степвагон оодарылып кеткен. Ушундай жол кырсыктары көп болгондугуна байланыштуу Панфилов көчөсүнө атайын дөңсөөлөрдү коюп беришсе же жол чырак күнү-түнү иштесе жакшы болмок", - дейт окурман.

"Бул жол кырсыгында жаракат алгандар, каза болгондор жок. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.08.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окубай эле сатып алгандар,эгер окуганда мындай болмок эмес.себеби эгер жол чырак иштебей калса эмне кылыш керек деген өзүнүн эрежелери бар.
30.08.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86. Созунузго толугу менен кошулам. Окубастан куболукту сатып алып чыккандар кобоюп жатат. Корупция деген балее кууратчу болду го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: