Москвадагы басмакананын кампасындагы өрткө байланыштуу кылмыш ишин 20 тергөөчүдөн турган топ иликтейт

Кыргыз кыз-келиндеринин өмүрүн алган Москвадагы басмакананын кампасындагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын 20 тергөөчүдөн турган топ аткарат. Бул туурасында Орусиянын Тергөө комитети берген маалыматты "РИА Новости" жарыялады.
"Ишти иликтөө үчүн атайын топ түзүлүп, ага 14 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирди", - деп айтылат маалыматта.
30га чукул соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө аракеттери жасалууда. Аталган басмакананын жетекчилиги тууралуу жана окуяга күнөөлүүлөр жөнүндө азырынча маалымат жок.
Эскерте кетсек, 27-августта Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза болду, алардын 14ү Кыргыз Республикасынын жарандары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.