super.kg logo

Кытай элчилигиндеги жардыруудан жабыркаган эки кызматкердин абалы канааттандырарлык

 

Кытай элчилигиндеги жардыруудан жабыркаган эки кызматкердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жардыруудан жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык. Алардын баш мээси чайкалып, майда жарааттарды алышкан. Учурда жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат”, - деп билдиришти аталган министрликтен.

Айта кетсек, бүгүн Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, жарылган. Натыйжада жарылган унаанын айдоочусу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: