Өзбекстандын бийлиги "Ислам Каримов каза болду" деген маалыматты четке кагууда

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппаратта иштеген булактарга таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Каримов учурда ооруканада жатат, анын абалы туруктуу.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. Кечээ, 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген.
Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келет.




Олот эй
сенго учунчусу
Олду делсе олкодо туруксуздук болуп так талашып согуш чыгып кетиши мункун ошондуктан жарыя кылаардан мурун ордуна татыктуу киши жок делгендей.
Каримов каза болсо озбектер той берет.
Анткени озбекстанда адамдардын укугу, соз эркиндиги тебеленген.
Эч ким оз эркинче оокат кыла албайт
Бироонун олумун тилегиче озундун омурунду тиле демекчи, бирок чынында туура эмес киши болгон чек араны улам жылдырып. ХХХ ХХХ ХХХ
кыз пызына карабай камайт.
Коп коррупциянын башында озунун кызы турат.
Мамлекет аралык да коп суроолор курчуп акшы жагына чечилсе экен
Кой антпе