super.kg logo

Бишкекте “Кыргызтелеком” ишканасынын кароолчусун өлтүргөн” деп шектелген эки жаран кармалды

 

Бишкекте “Кыргызтелеком” ишканасынын кароолчусун өлтүргөн” деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-августтан 28-августка караган түнү Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Кыргызтелеком” ишканасынын имаратында болгон. Анда ишкананын 52 жаштагы кароолчусу С.Б. менен Баткен облусунун 1965-жылы туулган А.А. жана Бишкек шаарынын 1965-жылы туулган Т.З. аттуу тургуну спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Анын кесепетинен 52 жаштагы кароолчу алган жараатынан улам ошол жерден каза тапкан.

Бул кылмышка шектүү катары Скрябин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан 1965-жылы туулган А.А. жана Т.З. кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: