super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Жумагүл Райымжан кызынын "Оорусаңыз таарынам" ырынын клибинде соо адамды оорулуу кылып көрсөтүү кыйын болгон

 

Ар бир адамды жакын адамдарынын ооруп калуусу кайгыртары талашсыз. "Оору сизден адашсын болуп алыс,/ Жакшылыкта жадырап жолугабыз./ Жарык дүйнө бардыгын эске салчы,/ Оорусаңыз таарынам, оорубаңыз..." деген саптары бар чыгарма ырчы Жумагүл Райымжан кызынын аткаруусунда көпчүлүктүн купулуна толгон.

Ырдын маанисине жараша тартылган клип тууралуу ырчы мындай дейт: "Клип Бишкек шаарында тартылган. Режиссёру - Эрнист Сыдыков. Мен тартуу иштерине кийлигишкен жокмун. Клиптин идеясын, сценарийин баштан-аяк режиссёрлор өздөрү иштеп чыгышты. Мен ырдачу жеринде барып ырдап коюп жаттым. Бир айда тартылып бүттү. Чыгармачылыгымдагы эң кымбат клип болду, бирок өзүн толук актады десем болот. Эл да жылуу кабыл алды. Кайсы жерге барбайын, ушул ырды аткаруумду суранышат".

Ал эми клипти тарткан Эрнист Сыдыковдун тобунун мүчөсү Мыйзам Абдумаликовдун айтымында, клип тартууда кыйынчылыктар жаралган эмес.

"Клип тартууда актёрдук курамды тандап алып, Жумагүл Райымжан кызына сунуштаганбыз. Ырчынын жактыруусу, макулдугу менен биз тандаган актёр-актрисалар тартылышты. Эрнист мырза бул тармакта 10 жылдан бери жүрүп профессионал болгондуктан, клип тартууда оорчулук жаралган эмес. Бирок клипте соо адамды оорулуу кылып көрсөтүү кыйын болгон", - деп билдирди
М.Абдумаликов.

Жумагүл Райымжан кызынын "Оорусаңыз, таарынам" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.08.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akter mn aktrica mykty oynogon kanseda tajyirbaluu
30.08.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул актёрдун аты жону ким?
30.08.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ырдын темасы эле ха-ха го?!
31.08.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орустарга таарынам деп угулат экен.кайсы хохма чыгарды экен десем корсо оорусаныз таарынам экен
31.08.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырын укканмын жакшы ыр жагат, бирок клипин коро элек кенмин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: