Төкмө акын Элмирбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алышты





Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-августта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйланышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Даңк медалы менен "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко, бийчи Атай Өмүрзаков;
"Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген ардактуу наам менен түрк маданиятынын "ТҮРКСОЙ" Эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Кожогелди Кулуев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов;
"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наам менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Рысбек Жумакунов, төкмө акын Элмирбек Иманалиев;
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам менен ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеӊишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев;
"Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наам менен режиссёр Темирбек Бирназаров, "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жана башкалар сыйланышты.
Эскерте кетсек, Мирбек Атабеков “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолу “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарын алган. Ал эми Бактияр Токторов жетектеген "Биз" тобу "Заманыбыздын супер тобу" сыйлыгына ээ болгон.

Обону: Мирбек Атабеков
Ооба, дал ошол силер таң калган Мирбек илгери эле мыкты обон жазып, Борбордук Азиянын мыкты обондорун жаратып, эстраданы гүлдөтүп келе жатат!
Обону Мирбек Атабеков
Мыкты эмей эмне экен!
Пуй пуй деп башка эл ырдай элек, Карл
Экинчисин, бул жердеги комменттерди окуп алып аябай биздин элдин (кээ бир элдин) жан дуйносу карарып баратканы окундурду! Мирбек Атабеков татыктуу эмес деп жазып жатасыздар, менин оюмча сиздер туура эмес ойлоп жатасыздар! Мирбек татыктуу 11 жылдан бери элдин оозунан тушпой, ар бир ыры хитке айланып жургон таланттуу
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Ээрчип кеттин,кара тору бир кызды.
Ушул ырдын автору Маметибраим Бостонкулов азыр 60 жаштан отту, бир дагы наамы жок, эч болбосо маданияттын мыкты кызматкери наамын берип коюшкан эмес.