Кара-Суу шаарынын мэри шайланбай калды
10-апрелде Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өтпөй калды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бул кызматка талапкер болуп катталган КСДП партиясынын өкүлү Уран Бурканов шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндөгү арызын берген. Ушуга байланыштуу аталган шаардын башчысы шайланбай калды. Белгилүү болгондой, буга чейин мэрди шайлоо 14-мартка белгиленип, бирок бул кызматка ат салышкан талапкердин жоктугуна байланыштуу өтпөй калган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

