super.kg logo

SUPER.KG порталы мекендештерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүктү алганына 25 жыл толушу менен куттуктайт

 

Урматтуу мекендештер! SUPER.KG порталынын жалпы жамааты сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүктү алганынын 25 жылдыгы менен куттуктайт. Эчендеген тарыхты басып өтүп, бирде өрт, бирде суу кечип, ушул күндөрдү алып берген биздин бабаларыбызга терең таазим этебиз. Ошондой эле жалпы кыргыз элин ата-бабаларыбыз азап менен алып берген эгемендүүлүккө татыктуу болууга, өз мекенин сүйүүгө, урматтоого жана патриоттуулукка чакырмакчыбыз. Асманыңыздар ар дайым ачык болсун. Элде-жерде токчулук, ырыскы, тынчтык, ынтымак болуп, асманыбызда эркиндиктин желеги желбиреп турсун. Кыргыз элинин бизден кийинки муундары, урпактары ушул Эгемендүүлүк күнүбүздү бүгүнкүдөй дагы эчендеген кылымдар бою өнүккөн өлкө катары майрамдоосуна тилектешпиз.

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кезексиз сессия чакырып, мамлекеттин көз карандысыздыгы тууралуу декларациянын негизинде токтом кабыл алган. Бул тарыхый документке ылайык, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.08.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Супер! Сиздердин жамаатка да ийгиликтерди каалайбыз !
31.08.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол убакта торолгон наристе азыр Россияда уйлонуш керек эле деп иштеп журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: