Баткен. Мал кайтарганга кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды
Баткенде мал кайтарганга кетип дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү Ак-Татыр айылынан 1993-жылы туулган Ж. уулу Н. Геревшин жайлоосунун Ак-Суу аймагында мал багып жүргөн агаларына жардам бергени кеткен. 26-август күнү малды чогултуу үчүн үч тууган үч тарапка чыгышып, натыйжада Ж. уулу Н. кайрылып келген эмес. Дайынсыз жоголуп кеткен жарандын туугандары аны өз алдынча издеп, бирок таба алган эмес.
"2016-жылдын 30-августунда КРнын ӨКМнын куткаруучулары издөө иштерине чыгышып, каза болгон жарандын жансыз денесин таап, ата-энесине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
1

Мал уурулар өлтүргөн эмеспи ?
Өзү оорукчак адам беле же ?