super.kg logo

Сулуулугу килограммдар менен кошо кеткен 8 жылдыз

 
"Арыктык - бул сулуулук" деп ким айтты? Эгер сиз бир нече килограмм таштоону ойлонуп жүргөн болсоңуз, төмөнкү жылдыздарды көрүп коюуну сунуштайбыз. Ойлонууга жөндүү нерсе бар", - дейт "Помада" басылмасы.
НИКОЛЬ РИЧИ

Анорексиянын азабын тартып жатканын баарына жайган алгачкы голливуддук актриса, ырчы жана алып баруучу. Айтылган сөздөргө көңүл бурсак, Николь Ричиге 65 килограммдан 38 килограммга арыктоого анын жакын курбусу Пэрис Хилтон түрткү берген. Ал кезде Хилтон өзү да арыктап жаткан. Ричиге бул оюнан кайтып, ооруну жеңүүгө 2 жылдан ашык убак кеткен. Келбетин оңдоого кош бойлуулугу жардам берген. Эки кыз төрөгөн соң Николь салмак кошуп, кайрадан калыбына келген.

АНЖЕЛИНА ЖОЛИ

Жолинин арыктоосуна кайгылуу окуя - апасынын өлүмү себеп болгон. Актриса депрессияга кабылып, баш-оту менен жумушка киришип, тамактан баш тарткан. Брэд Питт айласы кетип, "ал бир нече жолу ачкачылыктын айынан эсин жоготкон, бирок мен аны кыйнап да тамак жедире албайм, ал уккусу да келбейт" деген. Катуу стресстен арылган соң деле актриса салмак кошпой, диета кармап келет. Анын бою 169 сантиметр болсо, 40 килограмм салмакка ээ.

ВИКТОРИЯ БЕКХЭМ

Атактуу футболчунун жубайын денесине туура эмес мамиле кылгандыгы үчүн көп айыпташат. Викториянын айтымында, ал ар дайым өзүнүн келбетине канааттанбайт. Кезектеги баласын жарыкка алып келген соң салмак кошуунун ордуна, тескерисинче, "көзгө көрүнбөй" бара жатат. Жылдызды учакта тейлеген стюардессанын айтымында, Бекхэм карандай сууга эле лимон салдырып алып ичип отурган. Бекхэмдин мурунку сүрөттөрүн гана көрүп рахат алуудан башка арга калбагансыйт.

МЭРИ-КЕЙТ ОЛСЕН

2008-жылдан тарта арыктап баштаган Мэри-Кейт Олсенге кичине кезинде эле коомчулук менен маалымат каражаттарынын назары көп түшчү. Мындай назарга жооп катары ал адаттан сырт арыктай баштаган. Өзүнүн салмагын калыбына келтирүү үчүн актриса ооруканага жаткан. Күйөөсү Оливье Саркози да ага жакшы жардам берген. Адатта сүйүүгө кабылган адамдын тамакка болгон табити жоголуп, көпчүлүк учурда баш тартат эмеспи. Ал эми Мэри-Кейттин, тескерисинче, жолдошуна болгон сүйүүдөн улам тамакка болгон табити күчөгөн.

КЛАУДИЯ ШИФФЕР

"Мода дүйнөсү арыктыкты даңазалайт, бирок бул моделдерди көрүп, аларга бир нерсе болгон окшойт" деген ой кетет. Моделдер ар дайым арык болуп келишкен, бирок бүгүнкү күнү алар адаттан сырт арык. Ушунчалык арык болгонунан алар көзгө көрүнбөй калышчудай", - деген Шиффер 2006-жылы өзүнүн маегинде. Маектен 3 жыл өткөн соң ушул эле сөзүн анын арыктап кеткен сүрөтүнө колдонгондор болгон.

КИРА НАЙТЛИ

Кош бойлуу боло электе эле журналисттер Киранын диеталарга болгон кызыгуусун жазышкан. Анда Кира Найтли "диета сактабайм, таттуу менен гамбургерлерди жакшы көрөм" деп бул маалыматтарды четке каккан. Бирок ЖМКлар анын ар дайым диетада жүргөнүн ачыктоо аракеттерин көрө беришкен. Бул аракеттерге анын апасы чекит койгон: сымбаттуулугу - тукумунан, арыктыгы - атасынын өзгөчөлүгү.

МИЛА КУНИС

"Кара ак куу" тасмасынын тартуу иштеринде Мила Кунис өзүнүн каарманы тууралуу "жалпак" деген сөздү колдонгон. Анын бою 163 сантиметр болсо, бул тасмага тартылуу үчүн 44 килограмм салмакка чейин арыктаган. Ал үчүн Кунис майлуу тамактан, жөнөкөй углеводдордон баш тартып, күн сайын бир нече саат балет менен алектенген. Ал эми тартуу иштери аяктаган соң Мила тез арада кайрадан өзүнүн келбетин 12 килограмм салмак кошуп оңдогон.

"Беверли-Хиллз 90210" жаштар сериалынын жылдызы анын арыктыгы менен дал келбеген төшүнүн көлөмү тууралуу көптөгөн талкууларга кабылган. Бул чек эмес экени ал эки жолу төрөгөндөн кийин белгилүү болду. Төрөттөн кийин актриса тамак жебей арыктаган. Эксперименттин жыйынтыгы көптөрдү капага салды. Биз мурунку Доннаны көрөбүзбү?" - деген суроосу менен жыйынтыктаган басылма өз макаласын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
06.09.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бадыеваны баары инстаграмда арыкта дей беришет. Арыктабай эле койсун))
06.09.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэри-Кейт,Эшли Олсендердин кинолору менен чонойгом,позитивдуу актрисалар.
06.09.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен семире албай жатам(((Тамактан эмес,бирок тамакты ото ылгап жейм.41кг.Алсырап козум карангылашып кулап калайын деген учурлар коп болот.
06.09.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да семиргим келет. Салмагым 41 кг. 2 баланын апасымын окуучу кыздардай коруном. Супер инфо семируунун жолдорун жазгылачы.....
06.09.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shirinai,дагы экини торосон эле толосун менин да салмагым ушундай болчу коргондор тан калчу ушу сен толор бекенсин деп коп айтышчу,азыр шугур 52кг болуп калдым.
06.09.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
shirinai,боюн канча?менимче семируунун кажети жок сен атайын арыктасан башка кеп.семирген сон арыктоо эн кыйын нерсе 43 кг дан 58 ге чыктым торогондон кийин эки эле жылда мени эчким тааныбай калды.мен учун оон корунуш арыктай албай шаштым кетти.
06.09.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анджелинадан башкасы баары туру суукгой
06.09.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baian Сиз семире албай жатсаныз аш казанынызды текшертиниз. Ошол себептен сиз салмак кошпойсуз. Ашказанда же 12 эли ичеги жара оорусунда адам арыктайт.
06.09.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктагым келип журот(
06.09.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да арыктагым келет
07.09.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Героин кокаин колдонушса ошода.Булар атайы ушундай арыктаганга диета карманышты дейсинерби.Жок наркотикалык заттардын таасирин коруп алгыла.
07.09.2016. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да арыктагым келет.
07.09.2016. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин фигурам кудайга мин мерте шугур, уч баланын энеси болсомда 906090 бойдонмун , боюм 170см.,салмагым 60кг.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: