super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-АВГУСТ: Америкалык актёр Ричард Гир 67 жашка толду

 
Актёрдун жаш кези
Актёрдун жаш кези
Биринчи жубайы Синди Кроуфорд менен
Индия өлкөсүнүн жергиликтүү соту Гирди индиялык актриса Шилпа Шетти өөп койгону үчүн сотко берген

Бүгүн, 31-августта америкалык актёр Ричард Гир 67 жашка толду. Ал АКШдагы Пенсильвания штатына караштуу Филадельфия шаарында туулган. Актёрго ийгилик алып келип, популярдуулукка жеткизген "Америкалык жиголо" (1980-жыл) тасмасындагы ролу болгон. Андан сырткары актёр "Двойной агент", "Бруклинские полицейские", "Хатико: Самый верный друг", "Давайте потанцуем", "Сбежавшая невеста", "Красотка" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан. Ричард Гир 2003-жылы “Алтын глобус” сыйлыгына татыган.

2007-жылы Индия өлкөсүнүн жергиликтүү соту Гирди индиялык актриса Шилпа Шетти өөп койгону үчүн сотко берген. Себеби актёрдун бул кылыгы Индиянын элинин маданиятын шылдыӊдоо деп эсептелген. Актёрдун кечирим сурап сотко жазган арызы кайра кайтарылган. Непалга болгон саякаты учурунда буддист болгон. Ал мыкты актёр гана эмес, композитор жана пианист дагы.

Актёр 1991-жылы модель Синди Кроуфордго үйлөнгөн. 4 жыл жашаган соӊ түгөйлөр ажырашып кетишет. Кийин ал актриса Кэри Лоуэлл менен сүйүү мамилелерин курган. 2000-жылы 50 жаштагы Ричард Гирдин тун наристеси Гомер Жеймс Жигме Гир туулган.

31-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
31.08.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аа..куттуктайм...менин жакшы көргөн актёрум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: