super.kg logo
  Саясат  

Президент сынга алган Убактылуу өкмөттүн курамында кимдер болгон?

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин жарым жыл убакытка түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сынга алып, убагы келгенде ар бири жооп бере турганын белгиледи. Президент өз сөзүндө: "Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү эртеби-кечпи, тоноочулук үчүн, банктык уячалар үчүн дагы, Кадыржан Батыровду баш кылып сепаратисттерге болушкандыгы үчүн, аны качыргандыгы үчүн жана мыйзамсыз баюу максатында кызматтык абалдарынан пайдалангандыгы үчүн жооп беришет", - деген. Учурда ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бишкекте жыйынга чогулуп, президенттин сөзүн талдап жатышат.

Эскерте кетсек, Убактылуу өкмөттүн курамында төмөнкүлөр болгон:

  • Убактылуу өкмөттүн төрайымы – Роза Отунбаева;
  • Каржы боюнча орун басары – Темир Сариев;
  • Экономика боюнча орун басары – Алмазбек Атамбаев;
  • Конституциялык реформа боюнча орун басары – Өмүрбек Текебаев;
  • Прокуратура жана каржы полициясы органдары боюнча орун басары – Азимбек Бекназаров;
  • Ички иштер министри – Болотбек Шерниязов;
  • Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы – Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • Саламаттыкты сактоо министри – Дамира Ниязалиева;
  • Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси – Эмилбек Каптагаев;
  • Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрдин милдетин аткаруучу – Дүйшөнкул Чотонов;
  • Коргоо министринин милдетин аткаруучу – Исмаил Исаков;
  • Каржы полициясынын төрагасы – Эркин Бөлөкбаев;
  • Бишкек шаарынын мэри – Иса Өмүркулов;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Топчубек Тургуналиев;
  • Коомчулук жана ММК менен байланыш, социалдык секторунун координатору – Элмира Ибраимова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: