Социалдык тармактарда президентти сындаган активдүү колдонуучулар куугунтукка алынары тууралуу пикирлер айтылууда

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөөнүн ордуна экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөн сөзү коомчулук тарабынан катуу сынга алынды. Мындан соң интернеттеги колдонуучулар ал тууралуу ар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Сындаган активдүү колдонуучулар президент тарабынан кысымга алына тургандыгын кыйытып, “Заноза” басылмасынын башкы редактору Дина Маслова социалдык тармактардын бириндеги өз баракчасына жазып чыкты.
“Ахтунг! Мына баарыңар бүгүн бул жакта президент тууралуу начар пикирлерди жазып отурасыңар. Ал болсо элдин баары менин жалындаган сөзүмө суктанышат деп ойлоптур. Президенттик аппараттан же ал өзү социалдык тармактарга кирген өңдүү. Эми ал абдан ачуулуу. Бир аз убак мурун мага белгилүү болгондой, ИИМдин 10-Башкармалыгына социалдык тармактардагы активдүү сынчылардын IP-даректерин табуу, ал эми президенттин соцтармактагы тарапташтарына сындап жазган колдонуучулардын баракчаларына арыздануу тапшырмасы берилиптир. Мен аларга “эми "Боржоми" ичкенге кеч” же “бирөөнүн башындагы чөп” жөнүндө накыл сөздөр туура экенин айткым келет. Эми бүгүнкү сөзүнүн кесепети менен күрөшүүнүн кереги жок. Мен Өзбекстандын бир жерине түшүп калгансып, таң калып жатам”, - деп жазган Д.Маслова.


Акыйкатты айткан элден колунду тарт!!!
ХХХ ХХХ
Сын айткыла бирок далил жана маданиятуулук менен.Атамбаев президенттике татыктуу эмес,бирок ал адам.
Карап турсаң ал деле колунан келгенин жасап жатат,анын болгону ушул.Мындан артыгын жасай албайт,ал чарчады окшойт.
Андан көрө оозго алгыс сөздөр менен сүйлөп,өзүңөрдүн да денгээлиңерди көрсөткөндөн көрө,чын Кыргызстан үчүн күйсөңөр кудайдан өлкөнүн келечегин сурансаңар пай
Мен Атамбаевди жактагым деле келбейт деңизчи,болгону жок дегенде адам катары урматтын жайына койушса деген гана ойду айткым келет.