super.kg logo

Ангела Меркель терроризмдин өсүшүн качкындар менен байланыштыруу туура эместигин айтты

 

Германия канцлери Ангела Меркель өлкөдөгү террордук кол салууларды качкындардын агымы менен байланыштыруу туура эместигин "Sueddeutsche Zeitung" басылмасындагы маегинде айткан. Ал мамлекетте терроризм миграция күч алгыча эле болгонун белгилеген.

"Терроризм качкындар менен кошо келди деп айтуу туура эмес. Ал буга чейин эле биз аңдып жүргөн арам ойлуулар менен бар болгон. Өзгөрүүлөр ар дайым эле жаман боло бербейт, бул жашоонун кутулгус бөлүгү. Германия бизге кымбат болгон нерселери менен Германия бойдон калат", - деген канцлер.

Меркель өлкөнүн миграциялык саясатындагы кемчиликтерди моюнга алып, жалпы европалык реформаларды он жыл мурун эле башташ керек болчу экенин айткан. Анын ичинде Шенген аймагынын тышкы чек араларын коргоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Жакынкы жана Орто Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн чыккан миллиондон ашуун качкын 2015-жылы Германиядан баш паанек сураган. Германия өкмөтү июлда болгон кол салуудан кийин мигранттарга карата “ачык эшик саясаты” үчүн сынга кабылган. Канцлер Ангела Меркель чабуулдарды айыптап, бирок миграциялык саясатты өзгөртүүдөн баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: